• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сүрөттөр сүйлөйт — Бишкекте шаардык кеңешке кайра шайлоо өнөктүгү жүрүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Бишкекте шаардык кеңешке кайра шайлоо өнөктүгү жүрүүдө. Бүгүн таңкы саат 8:00дө шайлоо участкалары өз ишин баштаган.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоодо 18 партия ат салышууда. Борбордо жалпысынан 426 миң 699 шайлоочу өз тандоосун жасай алат.

Ошондой эле Ош жана Токмок шаарларында дагы шаардык кеңешке кайра шайлоо өтүп жатат. Ошто шайлоочулардын саны 152 миң 718ди, Токмокто болсо 38 миң 100тү түзөт.

Ош шаарында 8 партия, Токмокто 6 партия ат салышууда.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий