Сөз куржуну: алеңгир, борой, гүзөр, даңкан, даркөй сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги эл оозунда айтылып, кээ бир китептерде учураган, бирок маани-маңызы баарына эле түшүнүктүү боло бербеген сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

Алгоолош – 1. Айыл чарба иштеринде өз ара жардамдашып, бири-бирине көмөк көрсөткөн аракет. Алгоолошуп кош айдоо маселеси коюлган (Насирдин Байтемиров). 2. Кезектешүү, улам кезекти алмаштыруу. Капитан Каныбектер менен алгоолошуп араа тартыша баштады (Касымалы Жантөшев).

Алеңгир – 1. Эпостордо: кыйраткыч, чуу салып, бүлүндүргүч (көбүнчө жаага карата). Алеңгир жаа, сыр жебе, кошо тартып Чынкожо ("Семетей" эпосу). Алма баш мылтык асынып, алеңгир жаасы кошулуп ("Эр Табылды" дастаны). 2. Кыйратуу, талкалоо, бүлүк салуу, уруш, жаңжал. Жылкыга жети карышкыр тийип, таза алеңгирди салбадыбы (Насирдин Байтемиров).

Бачагар – бирөөгө, көбүнчө балдарга, жаштарга карата тилдөөдө, жекирүүдө колдонулат. Сенде кылмыш көп, бачагар – деди Карабай Бейшембиге (Мукай Элебаев). Молдо эпке-сөзгө көнбөстөн: - Көтөр, бачагарды! – деп кыйкырды (Касымалы Баялинов).

Борой – 1. Бурганак, бороон, борошо. Нөшөрдө да, боройдо да малын багат дем менен (Аалы Токомбаев). 2. Ат арытып жол жүрүү, дайыма ат үстүндө болуу. Мен көргөнмүн далай жер, ат бороюн сыдырып ("Манас" эпосу). Ат бороюн сыдырып, жердин жүзүн кыдырып ("Эр Төштүк" дастаны).

Гүзөр – 1. Кыштактын, шаардын кичине бир бөлүгү, квартал. Алымкулдар да станциянын арт жагындагы гүзөрдү көздөй басышты (Мамасалы Абдукаримов). 2. Анча чоң эмес, кичине базар.

Даңкан – ат чуркаганда туягынан казылып учкан топурак, майда таш, кар жана башкалар. Чоң торунун аяктай туяктарынан муштумдай даңкандар чырылдап ыргып жатты. Катуу жүгүргөн тулпарлардын туягынан даңкандар көккө карай ыргып чимирилет (Касымалы Жантөшев). Эки ат айгырма жакындап калганда анын арткы бутунан учкан томуктай даңкан Айгашканын үстүндөгү баланын как маңдайына келип тийди (Ашым Жакыпбеков).

Жадаал – эрегиш, айыгыш, көктүк. Жаадалын салып Канчоро, качырып кирип чорону, шилиге тартып жиберди ("Сейтек" эпосу).

Закымда – 1. Мелмилдеп, лепилдеп жүрүү, согуу (аба жөнүндө). Салкын жел да закымдап, таң агарып аткан кез (Нуркамал Жетикашкаева). 2. Катуу, тез жүрүү, чуркоо, зымыроо. Чү дегенде, Чалкуйрук жаадай учуп, закымдап, караанын үзүп Алгара жөнөй берди ("Манас" эпосу).

Калбаңда – эриндери калбагай тартып, эпсиз кыймылдоо. Эриндери калбаңдап, бирдеме дегиси келди эле, анын кебине кулак салар эч ким болбоду ("Ала-Тоо" журналы).

Кезен – бирөөдөн өч алуу же бирөөгө жамандык кылуу, кыйратуу, сокку уруу максатында ызырынуу, кыжырлануу, жаалдануу. Эки тарап тең бир-биринин караандарын алыстан көрүшүп, кезене, чымыркана дуулдай бастырышты (Түгөлбай Сыдыкбеков).

Кериш – 1. Талаш-тартыш, уруш, чатак. Урушпас уул, керишпес келин болбойт (макал). 2. Кармаш, салгылаш, согуш. Кетмен туяк, кең соору, керишке минер Чалкуйрук ("Эр Төштүк").

Даркөй – пейил, кулк мүнөз деген мааниде. Даркөйүңдү көп ырдап, дардисар болуп жүрөмүн (Эл адабияты).

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий