• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сөз куржуну: алпурушуу, дөөлөт, чөнөк, үлгүрө, чабыр сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмуздактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагы өчүрүлбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

  • Жайпак – 1. Түбү терең эмес, тайыз, жалпак. Аял унчукпай гана жайпак табактагы боорсокту чаранын жанына тартты (Аалы Токомбаев). 2. Жалпак, жазы, тайпагай. Койчу бир жайпак таш таап келди (Саткын Сасыкбаев).
  • Дөөлөт – 1. Байлык, мал-мүлк, жетиштүүлүк, молдук. Чыккан мээнет, кирген дөөлөт (макал). Артык дөөлөт баш жарбайт (макал). 2. Бакыт, таалай, жыргал. Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү (макал). 3. Мамлекет, бийлик. Дөөлөтү көлдөй толуптур ("Манас" эпосу, Сагымбай Орозбаков).
  • Алпурушуу – 1. Болгон аракетин жумшап алышуу, катуу аракет кылуу. Ал бадылдап сүйлөп, каткыра күлүп, мастер көрсөткөн жумуштар менен алпурушуп жатат (Саткын Сасыкбаев). Баатыр дыйкан билек түрүп, алпурушат жер менен (Аалы Токомбаев). 2. Убаралануу, бир нерсе менен алек болуу. Бир сааттай алп уруштук.
  • Дегде – самоо, эңсөө, абдан каалоо, ынтызар болуу. Биз – эмгекчил, эмгек десе дегдеген... (Калык Акыев). Оюнду дегдеген кыз-келин, уландар бая эле чогулган (Касымалы Жантөшев). Үчөөнүн кыялдары калкып, Фрунзени, институтту дегдешти (Шүкүрбек Бейшеналиев).
  • Жоомарт – март, берешен, колу ачык. Берген жоомарт эмес, алган жоомарт (макал).
  • Басташ – теңтайлашуу, барабар, бир катарга коюуга аракет кылуу, эрегишүү. Балтыр этиң толо элек, басташар кезиң боло элек ("Сейтек" эпосу). Кыз Сайкал, Манас касташып, балакеттүү баатыр кыз Манас менен басташып ("Семетей"). Бала күндөн басташып, тийише жүргөн бул Коңур ("Манас").
  • Чакар – 1. Митаам. Ээси арамза болсо, аты чакар болот (макал). 2. Чоң. Чакар короо, аз болгондо он бештей боз үй бар (Түгөлбай Сыдыкбеков).
  • Чөнөк – казылган кичинекей чуңкурча, оюгу бар чуңкур. Ташбай колундагы үч жылдык көчөттү тигил жаңы казылган чөнөккө өлчөдү (Түгөлбай Сыдыкбеков).
  • Такаат – чыдам, сабыр, туруштук. Бул сөздү уккан Каныбек такаат кыла албады (Касымалы Жантөшев). Эч ким такаат бере албай, уй түгүндөй кызайдан, эндиреп калган чагы бар ("Манас" эпосу).
  • Үлгүрө – бир аз уктап кетүү, чала уйкуда болуу, уйку-соонун арасында болуу, уйку сурап магдырай түшүү. Жапар төрдө чыканактап гезит окуп жатып, үргүлөп кетти (Касымалы Баялинов). Ысак бир аз үлгүрөп кеткен экен. (Мамасалы Абдукаримов).
  • Чабыр – кибиреген, арык-торук, начар. Чабыр козу. Жанагы чабырлардын бири өйдөлөнүп калбасын (Касымалы Жантөшев).
  • Чом – унаа малдарга токуу үчүн кийизден калың кылып, жумшактап шырылып жасалган токула. Жоор торунун жонун жууп, жылуулап чом токуп коюшуптур (Айткулу Убукеев). Кээ үйлөрдүн алдында төөлөрдүн чом-комдорун, өгүздөрдүн ыңырчак токулгаларын оңдогон эркек, аялдар жүрүшөт (Токтоналиев).

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий