• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сөз куржуну: аргамжы, дүгдүй, жапсар, илек, жондон сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

Бадирек – 1. Теги жаман, тукуму начар. Кыя шилтеп кылычты, басыгы бузук, тузу арам, бадиректи соелу (“Сейтек” эпосу). 2. Өтмө мааниде: Эч нерсени аңдабаган, оңбогур. Чыгып алып бадирек, күн чыгышты бет алып, көлдү көздөй салды деп (“Манас” эпосу).

Аргамжы – бир нерсени байлоо, аркандоо, таңуу үчун колдонулуучу кичирээк аркан, жоон жип. Эрмек эшегине отун артып, аргамжысын бек тартып (Мухтар Борбугулов). Ак чечекке барышып, аргамжы тандап алышып (Жеңижок).

Адил – өз кызыкчылыгына карабастан, туура, калыс иш кылган, адилеттиги бар, чынчыл. Колхозду алга сүрөгөн, планын бүтпөй күлбөгөн биздин адил башкарма (Алыкул Осмонов).

Дүгдүй – 1. Кабак бүркүп, дүңкүйүп кыр көрсөтүү. Барман сыртынан шек алдырбай дүгдүйүп койду (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Калың, бараандуу көрүнүү, дүкүйгөн, караандуу көрүнүштө болуу. Жер бетин бербей көк жашыл тартып дүгдүйгөн калың токой, агын суулар (Касымалы Баялинов).

Жапсар – 1. Эки нерсенин коңул болуп кошулган жери, көңдөйлөнгөн асты, далдаа жер. Мына бул чоң асканын алды эки жүз кой баткыдай үңкүр сымал жапсар эле (“Советтик Кыргызстан” гезити). Мергенчи таш кордону алды да үңкүрдүн төр жагындагы таштын жапсарына алып койду (Касымалы Жаштошев). 2. Үзүктүн туурдукту (боз үйдүн кийизи) жапкан жери, кыркасы. 3. диалект: курак салып, кооздоп жасалган баштык, секичек.

Зааркан – 1. Дити барбоо, көңүлү калгандыктан, жүрөгүнө тийгендиктен жана башканы көргүсү келбеген, жийиркенген сезимде болуу. Аскар тамекисин удаа-удаа соруп жатса, өз денем ууланып жаткандай заарканып отурдум (“Ала-Тоо” журналы). Бул быкы-чыкы машина тетиктерине акылым кантип жетет деп зааркандым (“Ала-Тоо” журналы). 2. Каардануу, зилденип ачуулануу, карын төгүү. Арзыкул эми минтип каны кайнап, Акунжанга заарканып, тиштерин кычыратып отурат (Насирдин Байтемиров).

Илек – 1. Жүз миң. 2. Сансыз, эсепсиз көп. Кытай илек, мен жалгыз (“Манас” эпосу). Атамдын арбын дүйнө, илек мал, ушул аштан түк калбай, ада болуп калсын деп (“Эр Төштүк”).

Кайса – 1. Кыйрата чабуу, жок кылуу, талкалоо, жайлап салуу. Кылычтан курч кыл кыйма, кайсаганын жайлаган (Токтогул Сатылганов). Күлчорону көргөндө, азып кайсап салуучу (“Сейтек” эпосу). Карагай, калың токой жерлери бар, кайсаса жан койбогон шерлери бар (Калык Акыев). 2. Аймап-жаймап жиберүү, жеп коюу. Максым жамбаштын май аралашкан кара кесек этин арыдан бери кайсап жиберди (Касымалы Жантөшев).

Калпыс – жаздым, таамай эмес, күмөндүү, орунсуз, оңтойсуз. Калпыс айтылган пикир. Четине калпыс коюлгандыктан чайнек столдун үстүнөн кулап кетти. Калпыс сөз айтып алып, көпко өзүнө келе албай уялып отурду.

Кемчат – 1. Териси баалуу анча чоң эмес жандык. 2. Кундуз, суусар жана башка териси баалуу жандыктардын жалпы аталышы. 3. Баалуу аң терисинен жасалган баш кийим. Кара кемчат – кундуз бөрк (“Манас” эпосу). Кемсели тубар, кемчат бөрк, керилип басып түрлөнүп (Тоголок Молдо).

Илээле – акырын, жайбаракат жылуу, илкий кыймылдоо, жалкоолонгон кыймыл-аракетте, өтө жай, илең-салан, абалда болуу. Алымкул менен Алима Аманкулдун артынан илээлеп баратышат (Мамасалы Абдукаримов). Көктү көздөй илээлеп бураган көк түтүн (Мамасалы Абдукаримов).

Жондон – 1. Көтөрүлүп, көбүңкү тартып шишип чыгуу. Камчы тийген жер бүлөөдөй болуп жондонуп чыккан. 2. Жон-жон болуп, жон сыяктуу көрүнүү. Ала-Тоодой жондонуп, ач жолборстой комдонуп (“Семетей” эпосу). 3. Жон алуу, семире баштоо, эттенип семирүү. Койлор жондонуп калды.

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынган.

Пикир

Оставить комментарий