• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сөз куржуну: бөчөк, келки, ирең, жансерек, темтең сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

  • Бөчөк – 1. Кабык, коондун кабыгы. Абдырахман бир тилим анделектин бөчөгүн жерге таштап, шашылбай жүз аарчысын алып колу-башын аарчыды (Төлөгөн Касымбеков). 2. Келгенге жакшы каалоо менен иш кылып жаткан нерседен берүү.
  • Алкак – 1. Жалпак темирден, жыгачтан же башка нерседен ийип жаалган түпкүч формасындагы тегерек. Дөңгөлөктүн алкагы. Айнегинин алкагын Атлас менен чырмаган (“Семетей” эпосу). 2. Бешиктин жаа сыяктуу ийилген, тикесинен көтөрүлүп турган эки башы. 3. Эки параллелдин же эки меридиандын ортосундагы жердин бир бөлүгү. Мелүүн алкак. Ысык алкак.
  • Каңтар – 1. Кыштын бир мезгилинин аталышы. Жаман болсо алганың, алдыңан өткөн сызга окшойт, каңтардагы музга окшойт (Фольклордук чыгармалардан). 2. Ишти тетирленте, тескери кылма жорук, терс кыял. Каңтары бар киши. Каңтары кармап калуу. 3. Астын үстүнө каратып оодаруу, көңтөрүү, коңторуу. Миң трактор кара жерди каңтарып, көркүн чыгар какыр жаткан өрдөштүн (Жоомарт Бөкөнбаев). 4. Чөп жегизбөө же башын ылдый кылбоо үчүн аттын тизгинин ээрдин кашына иле байлоо же башка бир бийик нерсеге аса байлап коюу. Карымшак аттын тизгинин ээрдин кашына каңтарып, анан эшик ачты (Насирдин Байтемиров).
  • Келки – 1. Жазы, туташ, бир бүтүндөн турган, өзүнчө бир тилке болуп саналган. Келки-келки кесилген жука тактайлардан ичине тууралап коюп чыкты (Жаки Таштемиров). Аш-тойдогу жорук-жосундар – турмуштун элестүү келкисинин бири (Аалы Токомбаев). 2. Чакан, чак, кичине. Кең көкүрөк, тайган төш, келки туяк кең соору (“Сейтек” эпосу).
  • Ирең – 1. Өң, бет ырайы. Казактын кара сур иреңи сүрдүү тартып, козголбой олтурду. Омор сөз айта албай мукактана түштү эле, иреңи чалкандай күдүрөйүп сүрдүү көрүндү (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Кандайдыр бир нерсенин түсү, ыраңы. Жадырап жан-жаныбар жай мезгили, иреңи миң кубулат тулаң чөптүн (Замирбек Үсөнбаев).
  • Зирилде – 1. Кылтырап-титиреп үшүгөн абалда калч-калч этип майда калтыроо, зиркилдөө. Токтобой мууну зирилдеп, көкүрөгү кирилдеп (“Эр Төштүк”). 2. Абдан катуу коркуу, коркуп заардануу. Кедейди таппай кырк жигит, кейишин тартып зирилдейт (Токтогул Сатылганов).
  • Жансерек – чала жан, араң жан, араң эле жаны бар. Суукка тоңуп, жансерек тарткан колдору камтууга келбей, тезирээк жылуу үйгө жетүүнү көздөн учуп баратты (“Ала-Тоо” журналы).
  • Дит – дили менен берилген ыклас, көңүл, ой. Гүлстанда көп улут, тили башка, дити бир, жапа тармак бет алып, кылып турган иши бир (Жусуп Турусбеков). Алтынай батийнанын кебин дит коюп укту. Абылдын да бардык дити Батийнада (Түгөлбай Сыдыкбеков).
  • Болум – 1. Жөндөм, бар болгон сапат (адам жөнүндө). Ал бечара жаш кызды эркек жандуу бир болуму жок киши алган тура (Каралаев). 2. Түшүм. Күн жаанчыл болгондуктан, чөптүн өнүмү, эгиндин болуму начар болду (Касымалы Жантөшев).
  • Алаамат – 1. Табигый кырсыктан: катуу бороон-чапкын, сел, суу ташкыны жана башкалар пайда болгон коркунучтуу көрүнүш. Айлана алай-дүлөй түшүп, асман менен жердин арасында алаамат болуп жаткансыйт (Касымалы Жантөшев). 2. Чоң чатак, уруш, салгылашуу. Жеткилең тууган Музбурчак, чын алаамат салаарда ("Манас" эпосу). Бир алаамат болуптур, элге бузук толуптур (Тоголок Молдо).
  • Улама – эски сөздөрдү көп билген, көптү угуп, көптү билген билимдүү адам, аалым. Уламалуу карыдан, укканымды айтайын ("Манас" эпосу). Чоң эне жомокчу жана көптү билген улама киши эле (Түгөлбай Сыдыкбеков).
  • Темтең – 1. Тели оорусу менен ооруган жылкылардын тынчып жөн тура албай термелиңки тартып, темтеңдеп турган абалы. 2. Тең салмактуулукту сактай албоонун натыйжасында келип чыгуучу ишенимсиз шилтенген кадам, басык (жаңы там-туң баса баштаган балдар же мас кишилер). Ошондо жаңыдан темтең басып жүргөн Айнагүл аттуу кызы азыр чоңоюп калды ("Ала-Тоо" журналы).

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынган.

Пикир

Оставить комментарий