Сөз куржуну: бабай, будалат, ийги, кайпый, какмар сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги эл оозунда айтылып, кээ бир китептерде учураган, бирок маани-мазмуну баарына эле түшүнүктүү боло бербеген сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

Айрөк – бирөөнү эликтегенде, шылдыңдаганда айтылуучу сөз. Ал жактаган доңузду, ат сооруга салалы, көргүлүгүн көр кылып, айрөк-айрөк кылалы ("Сейтек" эпосу)

Айырмач – 1. Алдындагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын кайчылаштырып, жүк артууга жана жаш балага ылайыктап жасалган ээрдин түрү. Мындай ээрге көчкөндө балдарды мингизет. Айырмач токуп, тай мингизген ата бар (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Бакандын илгич ачалары. 3. Тамдын, сарайдын чатырынын кайчылаштырып орнотулган, үстүнө рейкаларды кагып, шифер же башка материалдарды калкалап жаба турган жыгачтары.

Бабай – аксакал, жашап калган кары адамга карата колдонулат. Бабай кичинекей небересине жомок айтып берип отурат.

Будалат – тоскоол. Кайдан-жайдан келген калың булут дөңгөлөккө оролуп, будалат болуп алдыман сойлоп өтүп жатат (Чыңгыз Айтматов).

Данакер – 1. Араздашкандарды элдештирүүчү же жалпы эле бириктирүүчү, ынтымакташтыруучу. Эки киши күнөөкөр болсо, бир киши данакер (макал). Экөөбүздү ушинтип ширеткен жападан-жалгыз данакер – большевиктик идея (Касымалы Жантөшев). 2. Темирден жасалган буюмдарды бири-бирине жабыштыруу же идиштердин жыртык-тешигин бүтөө үчүн колдонулуучу коргошун сыяктуу жумшак калай жабыштырып, бириктирүүчү ширеткич зат. Күмүшкө данакер ширеткендей бек (Түгөлбай Сыдыкбеков).

Жандатма – ачык эмес кыйытып, каңкуулап айтылган. Темиров суроону тике бербей жандатмага салды (Касымалы Жантөшев). Ушундай жандатма суроону берди да, Абсамат Күкүнү карап койду (Жаки Таштемиров).

Жергелүү – эли-журту көп, эл-журттуу, урук-туугандуу, түптүү, ата мекени бар. Желпинтип тууну көтөрдүң , жергелүү кыргыз тоосунан (Токтогул Сатылганов).

Замбил – алды-артында кош сабы бар, ортосу чырпыктан согулуп (таардан, жыгачтан, жука калайдан да болушу мүмкүн) жасалып, ар кандай нерселерди салып, эки адам колдошуп көтөрө турган көтөргүч, сандал. Көпчүлүк биздин мектепти курушканда ушул Мерген беш замбил ылай көтөрүшүп, мончого түшкөндөй тердеген эле (Түгөлбай Сыдыкбеков). Самсахун аттын тезектерин замбилге салды (Касымалы Жантөшев).

Ийги – 1. Жакшы, түзүк, дурус. Түсү ийгиден, түңүлбө деген. Жүзүң ачык, дилиң ак жигит экенсиң чырагым (Төлөгөн Касымбеков). Үйрөнүшкөн жоо атышарга ийги (макал). 2. Пайда, ийгилик, жакшылык. Сендеги күчтүн ийгисин качан көрөрбүз ("Ала-Тоо" журналы). 3. Курч темирден жасалып, жумуру жыгачтан сапталган, эки жагы ай сымал келген, жыгач усталардын миздүү аспабы

Кайпый – түз эмес, кыйгачынан. Белестин жонун кайпый тийген күн чоң корпустун терезелеринен түшүп турду (Саткын Сасыкбаев). Бычактын мизи жашыл тартып, жалаңдаганда, чарыкчы бармагынын этин кайпый жонуп көрдү (Саткын Сасыкбаев).

Какмар – 1. Кир, аябай булганыч. Кийим-кечеси какмар болуп, өңүнөн азган адамды көрүп, эненин зээни кейиди ("Ала-Тоо" журналы). 2. Аялдар балдарын эркелеткенде же жемелегенде айтылчу сөз. О, арам какмар! Сага да бир бакпас балаа бар чыгар! – деди Күлүш (Касымалы Баялинов). Арам какмар, уялып да койбойт (Аалы Токомбаев).

Жыра – 1. Суу жеп жар кылып кеткен жылгача. Айылдан төмөнкү жырадан кездештик (Аалы Токомбаев). 2. Тоонун жылгаланып айрылган коктуча жери. Омпол тоонун жырасынан байракчан эл көрүндү (Аалы Токомбаев).

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий