Сөз куржуну: көөсөр, күржүй, мүргү, төкөк, үлүрөй сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

Көөсөр – 1. Акыл-эси төмөн, алаңгазар, көөдөк, пас адамдарга карата айтылуучу сөз. Көтөрүлүп көп сүйлөп, көөсөр жүргөн келең бар (Тоголок Молдо). Көрө албасаң, сен Көкчө, көөсөрлүк сөздөн кайра кайт (“Манас” эпосу). 2. Бейиштеги түгөнгүс, соолугус кудук. Ажылыкка бардыңыз, Абзи көөсөр суусуна (Калык Акыев).

Күрдөөлүү – 1. Жалпы, бүт. Күрдөөлүү кыргыз, көп аргын, күлкүнү качан ачабыз (“Сейтек” эпосу). 2. Нукура күч-кубаттуу, Күрдөөлүү башым барында, күлүгүм кантип берейин (“Манас” эпосу). 3. Кыйын, татаал. Күрдөөлүү кайкаң Беш-Мойнок, адыр-күдүр алты кыр, аябастан чалды эле (“Сейтек” эпосу).

Күржүй – тулку бою чоң, москоол, күрсүйгөн толук көрүнүштө болуу. Сатар эби-сынсыз булчуюп, ошонусуна мактангандай ого бетер күржүйөт (Шүкүрбек Бейшеналиев). Мыктынын шилиси күржүйүп, булчуңдары буруят (Төлөгөн Касымбеков).

Малакай – жүнү ичине каратылып, териден тигилген баш кийим. Каалганын жанында малакайын баса кийген, тоо эчкинин терисинен жасалган жаргак шымчан.. бир киши отурат (Насирдин Байтемиров).

Мүргү – 1. Өтө чарчоо, шалдыроо, алсызданып араң эле туруу. Жылдызкан канчалык жумуштан кеч келсе да, уйкусу келип мүргүп турса да чыдайт (Насирдин Байтемиров). 2. Мүдүрүлүү. Аты жүрбөй кыйласы, мүргүп кетип баратат (“Манас” эпосу).

Өрүлүктө – жаңы көчүп келгендерге тамак-аш көтөрө барып сый көрсөтүү, чакырып тамак-аш берүү. Колунда барлар өрүлүктөп, кой-козусун да, чай-майын да алып келип жатышты (“Ала-Тоо” журналы).

Сөөк өчтү – 1. Кимдир бирөө менен эзелтен, жеринен кас, ага башынан жылдызы каршы, мурдатан кеги бар адам. Эзелтен ак сөөктөргө кедей баласы сөөк өчтү да (Зияш Бектенов). 2. Өзүнүн төркүндөрү жактан келин алган учурда келин менен кайнененин ортосунда пайда болгон өчтүк мамилеге карата айтылат.

Сыланкороз – сыланып-сыйпанганды, жасанып-түзөнгөндү жакшы көргөн адам. Сен эмне жерден бооруңду көтөрө албай жатып сыланкороз боло баштагансың (“Чалкан” журналы).

Төкөк – 1. Олдоксон иштетилген, эби-сыны жок, эпсиз. 2. Мокок, өтпөгөн, курч эмес (бычак жөнүндө). 3. өтмө мааниде: чебер эмес, устат эмес, чоркок. Сөзгө төкөк акын.

Түйтөй – арыктап, кичирейип жүдөө, чүрүшкөн, жүдөңкү көрүнүштө болуу. Эзилген элдин кыздары жаштайынан карыгансып, маңдайын кат-кат басып, түйтөйүп жүрүшөт (Түгөлбай Сыдыкбеков).

Уганаак – тез угуучу, кандайдыр бир кабарларды, жаңылыктарды, сөздөрдү тез угуучу, башкалардан мурда угуп-билүүгө шыктуу. Базарбектин уганаак кулагы уурданып келе жаткан дүбүрттү укту (Касым Каимов).

Үйүрсөөк – 1. Өзүнүн үйүрүнөн калбаган айгыр. Керкашка үйүрсөөк айгыр, жалгыз байтал үйүрүндө болбой калса, азынап издеп кетчү керкашка. 2. өтмө мааниде: көпчүлүктү сүйгөн. Үйүрсөөк адам жалгыздыкка чыдабайт.

Үлүрөй – 1. Кабагы ачылбаган кебетеде көзүн жүлжүйтө суз кароо. Карынбай ишенбеген түр менен үлүрөйө тушту. 2. Кейпи-кебетеси бузулуп, жүдөмүш тартуу.

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынган.

Пикир

Оставить комментарий