Сөз куржуну: кежиге, кажа, дайры, ийик, алаңгазар сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги эл оозунда айтылып, кээ бир китептерде учураган, бирок маани-маңызы баарына эле түшүнүктүү боло бербеген сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

Кежиге – 1. Желке, моюндун арт жагы. Седеп кежигесине жылышып кеткен жоолугун илгери тартып оңдоп, ордунан турду (Айткулу Убукеев). Кежигемден алып өйдө тартты (Мамасалы Абдукаримов). 2. Бир нерсенин сырт жагы, арт жаккы багыты. Салык кыштактын четиндеги жолго салып, түз эле Мамбеткулдун үйүнүн кежигесинен чыга калмак болду (Касым Каимов).

Жыйрыл – 1. Тырышып бүрүшкөн, бүйрүлө тартылган абалга келүү. Иреңи өзгөрүлүп ошол замат, жыйрылып кең кабагы бырыш каткан (Шабданбай Абдыраманов). 2. Иренжип боюн ала качуу, жийиркене тартынуу. Абдыракман чалыр жанына келсе, Батыйна жыйрылат, жийиркенет (Түгөлбай Сыдыкбеков).

Кажа – 1. Кемирүү, мүлжүү. Эчки кажап жок кылбасын, чырпыктарды коругун (Жоомарт Бөкөнбаев). Жулкунган арабада эки качыр, ооздугун кажап келет бачыр-бачыр (Аалы Токомбаев). 2. Катуу нерсе өйкөп салуу, сүрүп жорутуу. Газимдин кош колуна темир чынжыр, буттарын кажап жатты кишен кысып (Аалы Токомбаев). 3. өтмө мааниде: жемеге алуу, тилдөө, какмалоо. Канча айткан адамдын, канчасын мүлжүп кажаган (Тоголок Молдо).

Кагын – 1. Суук тийүүдөн пайда болгон өпкө оорусу, өпкөнүн сезгенип калышы. Мага окшогон балдарды, кагын алып жатпайбы ("Манас" эпосу)? Чочуба балам, кудай сактасын шордууга кагын да тийген туура (Аалы Токомбаев). 2. Кар токтобогон, карын шамал учуруп кетме от жер. Бирөө кагынга айдап өз жылкысын, бул жуттан аман багып чыккан малын (Тоголок Молдо). 3. Бир нерсени жактырбоо. Кой-кой, деди, Нурай туруп кагынды: Тирүү туруп ал жакка кирбеймин (Аалы Токомбаев).

Ийик – 1. Жүндөн, кебезден, ар кандай буладан жип ийрүүгө ылайыкталып жасалган нерсе. Чоң эне ийик эле ийрип олтурат (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. көңүлү жумшаруу, жибүү, ак көңүлү кармоо. Атай Жаныбектин мактоосуна ийиккен жок (Касым Каимов). Келгениңе алты айдан ашты ушу бечараларга бир ийиккениңди көрбөдүм (Төлөгөн Касымбеков). 3. Ийилүү, мүңкүрөө, алсыз болуу. Башыңа мүшкүл иш түшсө, кападар болуп ийикпе (Жеңижок).

Зыяпат – меймандоо сыйы, урмат-сый көрсөтүү, меймандостук. Сиздин бу конок кылган зыяпатыңызды өмүр бою унутпайбыз (Мамасалы Абдукаримов). Жылкыдан тандап бээ союп, баатырың зыяпатын арттырды ("Манас" эпосу).

Жатык – 1. Сыпайы, сылык, орой эмес, кичи пейил. Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол (макал). Абдан жатык, сыпайы, маданияттуу да мамиле кылат (Айткулу Убукеев). 2. Көркөм, куюлушкан, кулакка угумдуу. Карынын тили жатык, укканга сөзү түгөнбөйт (Касымалы Баялинов). 3. Кандайдыр бир ишке, бир нерсеге машыгуу, көнүү, маш болуп, үйрөнүп кетүү. Түрдүү сөзгө тили жатыккан кыз-келиндер (Шүкүрбек Бейшеналиев).

Дайры – 1. Канат жазып күүлөнүү, умтула канат күүлөө. Канатын анда-санда ирмеп асманга дайрып бараткан баарчын (Аалы Токомбаев). 2. өтмө мааниде: умтулуу, бир нерсеге аракет жасоо. Дайыны жок жумушка дайрыган менен жетеби ("Курманбек" дастаны).

Бурчак – 1. Көгөнгө чиркелип, козулардын мойнуна илип байлоо үчүн ылайыкталып жасалган бир жак учу көзөнөктүү, экинчи учу түйүн болуп байланган жип. Батийна мойнуна көгөндүн бурчагын илип жуманын түнүндө мүрзөгө келди (Түгөлбай Сыдыкбеков). 2. Ушундай жиптин бир жак учундагы көзөнөк, илмекке өткөрүп кое турган томолоктошкон түйүнү. 3. өтмө мааниде: Бөлөк-бөлөк ири тамчы. Үн да чыкпайт, күзгү чөптөй саргарган, көздүн жашы бурчак-бурчак иргилет (Аалы Токомбаев).

Болбура – тыкан эмес бошоң көрүнүү, чыйрак эмес, бөлбүрөгөн жоош көрүнүштө, кебетеде болуу. Ошол кебетеси сөөмөйдүн учу тийише кетсе жарылчудай болбурап турду (Насирдин Байтемиров).

Алаңгазар – алды-артын ойлобогон, аңкоо, жеңил мүнөз, шашкалак. Акылы кем алаңгазарга киши акылы эм болбойт да (Түгөлбай Сыдыкбеков).

Айчык – 1. айдын кичирейтилип айтылышы башкача айтканда, жаңы туулган ай. 2. Жарым ай түрүндө тууга жана башкаларга кооздолуп сайылган сайма же тартылган сүрөт. Ошондой эле көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнүн мамлекеттик эмблемасы. Келериңде дүнүйө, айчыгы алтын туудайсың, кетериңде дүнүйө, соолгон кудук суудайсың (Токтогул Сатылганов). 3. диалект: кооздолуп жасалган кийимдин бир түрү.

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынган.

Пикир

Оставить комментарий