• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сөз куржуну: малал, мөөсүл, наамарт, өмгөктө, шимши сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмустактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

Кушкер – 1. Сиңимдүү, оңой сиңе турган. 2. өтмө мааниде: татуу, ширин. Арзан тамак пияздан, барып алып жээрсиңер, кубангандан барыңар, кушкер экен дээрсиңер (Тоголок Молдо). Эненин бул сөзүндө: “үйлөнсөң боло, кушкер тамак жегиң келсе” – деген купуя кеңеш, тымызын пикир билдирүү бар эле (Жунай Мавлянов).

Малал – Өкүнүч, кайгы, күдүктөнүү, капалык. Алмамбеттин көөнү аябай салган экенмин, албан түрдүү малалды (“Манас” эпосу). Эшитилсин элге деп, энди айтамын пахтаны. Эч кимге малал келген жок; Алты айланып чапканы (Эл ырлары).

Мөөсүл – 1. Бириккен, байланышкан. 2. өтмө мааниде: байланыш, алака. Башкаларга мөөсүл болуунун кажети эмне? Мен жөн жүргөндү жакшы көрөм (Абдырахманов). 3. Алык-салык жыйноочу адам. Күндөрдүн бири болгондо, мөөсүл келди жериме (“Манас” эпосу). 4. Уруу башчыларынын же бийлик башында тургандардын жигити. 5. Хандын, уруу башчысынын же кол башчысынын үлүшүнө бөлүнүүчү олжо. Мөөсүлүнө Кочкордун бир миң жылкысын бер деди (Тоголок Молдо). 6. Жортуулдан, чаап алуудан түшкөн олжодон ага катышпагандар да ала турган үлүш. Мөөсүл деп олжо алмакка далай эл келген Тайлакка (“Тайлак баатыр”). Олжо бөлүштөн өзүнө тийген мөөсүлдү колунда жок курбуларына бөлүштүрүп берген имиш (Токтоналиев).

Наамарт – 1. Коркок, жүрөгү жок. 2. Пас, адам эмес, кишичилиги жок. Эми көрдүм, эр Жантай, эшигиң менен төрүңдү. Наамарт болсоң эр Жантай мойнума алдым өлүмдү. Марттык кылсаң эми бер, ээрчитип кетем Мөөрдү (Калык Акыев).

Ооз көптүрүү – мактануу, курулай менменсинүү, көтөрүлүп сүйлөө. Ооз көптүрүп, ойду ээрчиткен кур кыял, ойлочу дос, кайдан келсин көңүлгө (Кубанычбек Маликов)? Күз келди, күз менен бирге Орозкул жайында көргөн сый-урматынын акысын, ооз көптүрүп берген убадасын, күзгө чейин деп алган карызын төлөөр учур келди (Чыңгыз Айтматов).

Өмгөктө – 1. Көкүрөк жагына карай ийилген, абдан эңкейген абалда болуу. Асан карыя өмгөктөп туруп, таягын алып, сылтып эшикке карай басты (Аалы Токомбаев). 2. өтмө мааниде: эртеден кечке тыным албай иштөө, бел бекчейгенге чейин тынымсыз иштөө. Атам экөөбүз айына элүү теңге үчүн өмгөктөп жүргөн кез эч качан эстен кетпейт (Бектенов).

Парасат – зээн, билгичтик, тапкырлык. Акыл-парасаты бар даана жигит. Адебиңди бек сактап, кылсаң болот парасат (Барпы Алыкулов). Артта калып абийир менен парасат, адамдардан ыйман качып баратат (Сыдыков).

Танап – 1. Аркан, бир-бири менен байланыштырылган, түйүштүрүлгөн жип. Алтымыш кулач танап. 2. Гектардын 1/6 бөлүгүнө туура келген жер чени. Бир танап жерин айдатпай, бир кулак суусун байлатпай (Аалы Токомбаев). Өмүрзак миң башынын жүздөгөн танап жерлерине суу кандай керек болсо, биздин үч танап жердеги жүгөрүгө суу ошондой керек эле (Мамасалы Абдукаримов).

Темгил – түрдүү түстөгү так, белги. Темгил чаар. Темгил-темгил тактар. Чаргындын жаагында темгили бар (Түгөлбай Сыдыкбеков). Билегинин үч-төрт жеринде исиркектеген темгил тактарды көрүштү (Шүкүрбек Бейшеналиев).

Сандыракта – 1. Алы, күчү кетип, жыгылчудай болуп темтеңдеп басуу. Сандырактап баса албай калуу. Шайым ооп, сандырактап карыш жерге баса албадым ("Ала-Тоо"). 2. Дайынсыз, баш-аягы жок сүйлөй берүү, келжирөө, тантыроо. Оозуна келгенин сандырактай берет.

Шимши – 1. Тумшугу менен изди же жыт түшкөн башка нерсени жыттагылап издөө, тинтүү, жойлоо. (ит, мышык ж.б.). Маңгыт байкуш төккөн күлдү шимшилеп, кечке келип тиктей берет эшикти (Ильгиз Гилязетинов). 2. өтмө мааниде: бирөөнү же бир нерсенин артынан түшүп издөө, тинтүү (кишиге карата).

Ыры түгөнүү – соодасы бүтүү, иши начарлоо, колунан эч нерсе келбей, мурдагысындай болбой начар абалга келүү. Баягынын бири жок, анын ыры түгөнгөн кези. Далай жерде, далай кызматтын башында иштеп жүрүп, ал ыры түгөнгөн кезде айылга келди ("Чалкан").

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынган.

Пикир

Оставить комментарий