• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сөз куржуну: сөөлөт, кабелтең, жит, дидаар, залим сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмуздактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

  • Өрүш – айылга жакын мал жайыты. Өрүшү кенен малга жай, өрөөнү пахта, данга бай (Токтогул Сатылганов). Жерге-жээгиңер көбөйүп, кенен өрүш алгыла (Касымалы Жантөшев). Өрүш малдуу – дасторкон майлуу (макал).
  • Сөөлөт – 1. Жакшы атак-даңк, дөөлөт, салтанат, шаң. Ал сөөлөтүмдү балдар көрсө деп толкундандым (“Ала-Тоо” журналы). Төбөдөн нуру жаркырап, сөөлөткө толгон чар тарап (Жоомарт Бөкөнбаев). 2. Сый кийим. Кара баркыт менен кыюуланган сөөлөт кементайын жамынып кирди (Мелис Абакиров).
  • Машайык – 1. Кадырлуу карыя (түпкү маани). 2. Уруу башчысы. 3. Дервиштердин башчысы. 4. Мусулмандардын дин башчысынын ардактуу наамы. Жарыктык, машайык, эле, жаны жанаттан болсун (Касымалы Баялинов). 5. Диний түшүнүк боюнча кудай сүйгөн олуя, баарын билген, көзү ачык. Аты кызыр, машайык, ал ооздуктан алыптыр (“Сейтек” эпосу). 6. Өтмө мааниде: эң мыктысы, эң кыйыны.
  • Кажыбас – чаалыкпас, кебелбеген чыдамдуу, кайраттуу. Чүкөбай Зууранын кажыбас кайратына, акыл-эсине ишенди (Касымалы Баялинов). Сартбаев кажыбас эмгеги менен жалпы элдин урматтоосуна татыктуу болду (“Коммунист” журналы).
  • Дидаар – 1. Жүз, бет, өң. 2. Көрүшүү, жолугушуу. Ак-Талаа, Куртка жер аман, ага-тууган эл аман, көрүштүк дидаар канимет, Учурашып деги аман (Тоголок Молдо). Дык көрдүм канча Коңурдан, дидаары курсун Эсенкан. Карчалыша келгенде, кыйноону тарткан биздин жан (“Манас” эпосу).
  • Опсуз – 1. Обу жок, чектен ашкан, дайыны жок, жөнү жок, ыгы жок. Опсуз баатыр жоого түшөт (макал). 2. Аябай, өтө эле, эң эле, абдан, болжолсуз. Сарай кең, опсуз узун (Түгөлбай Сыдыкбеков). Опсуз балбан Ороккыр, ал чыгарды миң мерген (“Манас” эпосу).
  • Дилгир – ынтызар, кандайдыр бир ишке абдан талапкер, иштөөгө, аткарууга абдан көңүлдүү. Комузга дилгир адамдар күү угуу үчүн ага нечен келишип, жакшы конок болушат (Касым Каимов). Сергей атасынын жумшаган иштерине дилгир, орунсуз сөз сүйлөбөгөн токтоо эле (Каралаев).
  • Залим – зордук–зомбулук көрсөтүүчү кара ниет, бирөөлөрдү ырайымсыздык менен эзип, талап-тоноочу таш боор, кысым көрсөтүүчү зулум. Залимден бизди куткарып, жеткирди Совет таалайга (Осмонкул Бөлөбалаев). Көз көрүнө залимдер, көрсөттү кыйла зордукту (Тоголок Молдо).
  • Дендароо – эки анжы болгон арсар абал, эңги-деңги болуп далдыраган абал. Абышкам болду дендароо, ар кимдер түшүп арага (Кубанычбек Маликов). Шарип көк желке талаштыра бирөө эсин оодара койгондой талмоорсуп же жооп айтарын билбей дендароо (Шүкүрбек Бейшеналиев).
  • Кабелтең – дене түзүлүшү, көрүнүшү москоол, бакубат, күч-кубаттуу. Балбан Акмат кабелтең да, көтөрүмдүү да киши көрүндү (Айткулу Убукеев). Жүгөрү жеген малдардын, кабелтең болот денеси (Аалы Токомбаев).
  • Жароокер – адамга мүнөзү жагымдуу, сүймөнчүктүү, кишинин ичи-бооруна кирген жайдары, эркелеңки шайыр мүнөздө, боорукер. Жамила болсо шайыр, сөзмөр, суйкайган жароокер кыз (Касымалы Баялинов). Айлуу түндү жаңырта ырдашкандардын арасында да ошол жароокер селкилер (Темиркул Умөталиев).
  • Жит – 1. Бир нерсенин арасына кирип кетүү, өтө терең батып кетүү, жок болуп көрүнбөй калуу. Житкен окту аткан ок табат (макал). Булак төмөндөй түшкөндө калың чөптүн түбүнө житип-житип жок болот (Жаки Таштемиров). 2. Жоголуп кетүү, көрүнбөй калуу, дарексиз жок болуп кетүү. Ошондон ары житип кетсе мени жылаңач калтырып жүрбө сен. (Төлөгөн Касымбеков). Эч жерде көрүнбөйт, кайда житип кетти? (Мамасалы Абдукаримов).

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий