• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

С. Жапаров 28-майга чейин камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Кечээ, 24-апрель 2017-жылы, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту камакта кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө С. Жапаровго карата токтом кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ачык соттук отурумда Кыргыз Республикасынын МУККсынын тергөө башкармасынын ага тергөөчүсүнүн, Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 30-б. 4-б. жана 227-б. 2-б. 1, 3-п.п., 30-б. 4-б. жана 113-б. 2-б., 30-б. 4-б. жана 341-б. 2-б., 30-б. 4-б. жана 234-б. 3-б. 3-пункту боюнча айыпталган, Жапаров Садыр Нургожоевичти камакта кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү өтүнүчүн карап, сот төмөнкүлөрдү аныкталды деп тапты:

Тергөө органы тарабынан С.Н. Жапаровго, ал адамдардын тобу менен алдын ала макулдашуу боюнча адамды барымтага алып кармоону, кызматтык милдетин аткарышына байланыштуу бийлик өкүлүнүнөмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүүнү, өлтүрөм деп коркутууну жана күйүүчү заттарды колдонуу жана укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүү менен бейбаштык жасоону уюштурган деген, тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 30-б. 4-б. жана 227-б. 2-б. 1, 3-п.п., 30-б. 4-б. жана 113-б. 2-б., 30-б. 4-б. жана 341-б. 2-б., 30-б. 4-б. жана 234-б. 3-б. 3-пункту боюнча айып угузулган.

Аталган фактылар боюнча жазык иши козголуп, 2016-жылдын 25-августунда кээ бир адамдардын үстүнөн жазык ишинин ичинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.

2017-жылдын 25-март күнү саат 23.35де Жапаров С.Н. шектүү адам катары кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо 2017-жылдын 28-апрелине чейинки мөөнөткө тандалган.

Тергөөчү айыпкер С. Жапаровго карата аны камакта кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчүн, азыркы учурда тергөө амалдары толугу менен бүтө электиги, тактап айтканда иш боюнча бир нече күбөлөрдү сурак кылуу, алар менен С. Жапаровдун катышуусунда беттештирүү өткөзүү, кылмыш иште болгон далилдерге ылайык С. Жапаровго акыркы айып угузуп, кылмыш иштин материалдары менен таанышуу үчүн убакыт керектиги, тергөө мөөнөтү 2017-жылдын 28-майына чейин узартылгандыгы, ошондой эле коюлган айыптын оордугу, мурда соттолгондугу жана ал эркиндикте жүрсө тергөөдөн же соттон качып, иштин каралышына тоскоол болушу ыктымал деп негиздейт.

Өтүнүч боюнча прокурордун, жактоочулардын, айыпкердин пикирлерин угуп, соттук материалдарды изилдеп, сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды.

Айыпкер Жапаров Садыр Нургожоевичке карата тандалган камакта кармоо бөгөт коюу чарасы тергөө мөөнөтүнө, тагыраак айтканда 2017-жылдын 28-майына чейин узартылып, камакта Бишкек шаарындагы № 1-тергөө изоляторунда кармалсын.

Токтомго нааразы тарап беш күндүн ичинде кассациялык тартипте Бишкек шаардык сотуна даттанууга укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий