• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

С. Жапаровдун сотуна көпчүлүк журналисттерди киргизген жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 6-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук процесске журналисттердин басымдуу бөлүгү кирбей калды.

Сот иши Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Кенжебай Каиповдун төрагалыгы алдында өтүп жатат.

“ЖМК өкүлдөрү сот залына кирүүгө аракет кылышты. Бирок, комвой аларды киргизген жок. Журналисттерди сот залына кирбей калышына зал айыпталуучунун тарапташтарына жык толгондугу себеп болушу мүмкүн экени кабараланууда.

Тактай кетсек, судья соттук процессттин жүрүшүндө журналисттердин катышуусуна уруксат берген.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында кармалып, УКМК тергөө алынып келген. Ал барымтага алуу, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык кылуу, мамлекеттик кызматкерге зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча айыпталууда.

2017-жылдын 26-мартында ага айып тагылган.

Тергөө аныктагандай, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо каршылык акциясына чыккандар ошол кездеги Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктүү өкүлү Эмилбек Каптагаевди «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаага күч менен салып, аны барымтага алышкан. Күбөлөрдүн айтымында,митингге чыккандарга С. Жапаров телефон аркылуу Э. Каптагаевди коё бербей, атайын түзүлгөн пландын негизинде иш алып барууга чакырып түздөн - түз көрсөтмө берип турган. Милициялардын ыкчам иш алып баруусунун негизинде Э. Каптагаев барымтадан бошотулган.

Э. Каптагав күчтөп салынган унаа С. Жапаровдун тууганы Б. Куланбаевге таандык болгон. Ал кийинчирээк Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлгөн. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий