• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков «Асыл» пансионатынын ремонтун максималдуу тездетүүнү тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 21-июль /Кабар/. «Асыл» пансионатынын ремонту жана мугалимдердин эс алуусу үчүн жаңы корпустун имаратынын курулушу эртең, 22-июлда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Борубаев Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди.

Эске салсак, 2017-жылдын июнунда Өкмөттүн чечими менен Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы «Асыл» пансионаты Билим берүүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 1-июнунда Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Асыл» пансионатынын имаратын ремонтоону тез арада баштоону жана анын аймагында 400 орунга ылайыкталган беш кабаттуу ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы имаратынын курулушун баштоо тапшырмасын берген. Ошондой эле Өкмөт башчы ушул жылдын августунда мугалимдердин эс алуусунун биринчи агымын уюштурууну тапшырган.

Бүгүнкү жумушчу кеңешмеде Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева маалымдагандай, пансионаттын ээлери менен зарыл болгон маселелерди жөнгө салуу белгилүү убакытты алды. Буга байланыштуу аталган объектини Билим берүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү процесси создуктурулду. Бүгүнкү күндө бардык маселелер алынды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бардык зарыл болгон долбоордук-сметалык документтерди даярдады. Буга карабастан ушул жылдын августунда мугалимдер үчүн кыска убакытка эс алуусу уюштурулат деп кошумчалады Гульмира Кудайбердиева. Билим берүү министри бул үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүн билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, пансионаттын ремонтуна жана жаңы корпусту курууга республикалык бюджеттен 377 млн. сомов бөлүндү. Өкмөт башчы аталган процессти максималдуу тездетүүнү жана ишти сапаттуу жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Эске салсак, «Асыл» пансионаты 2016-жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген. Үч жыл мурда мамлекет башчысы Өкмөткө Ысык-Көлдүн жээгинде билим берүү кызматкерлери үчүн ден соолукту чыңдоочу комплекс бөлүүнү Өкмөткө тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий