• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

С.Авазов жана Ж.Назаров тергөө аягына чейин камакка алынышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. 2018-жылдын 19-апрелинде “Бишкек шаарынын ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Электр станциялар» ААК мурунку башкы директору, азыр убакта Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазовго жана «Электр станциясынын» ААК башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Назаровго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыбы угузулду.

КР МУКК басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту С.Авазов жана Ж.Назаровго карата тергөө аягына чейин МУКК ТКЖ камака алуу тууралуу баш коргоо чарасын карады.
Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий