• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

С.Исаков Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мурдагы орун басарын кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Бүгүн, 2017-жыл 29-мартта Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы мурдагы соода өкүлү, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мурдагы орун басары В.А. Некрасовду анын Кыргызстандагы ишмердигинин аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Сапар Исаков Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыӊдоо боюнча жемиштүү иши үчүн В.А. Некрасовго ыраазылык билдирди. Атап айтканда, КР Президентинин Аппарат жетекчиси анын тикелей катышуусу менен эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштар калыптанганын, россиялык кыйла инвестициялар Кыргызстандын экономикасына тартылганын, андан тышкарыРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өз ишин баштаганын белгиледи.

Жолугушуу аягында Сапар Исаков В.А. Некрасовго жаңы кызматында үзүрлүү иштешин каалады.

Пикир

Оставить комментарий