• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

С.Жапаров өз өмүрүнө кол салуу аракетин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. КР ЖКнын мурдагы депутаты камактагы Садыр Жапаров үй-бүлөсү, туугандары жана жакындары үчүн абдан сарсанаа болот. Ошондой эле өз жанын кыюу аракети маселени чечүү жолу эмес дегенге кошулат. Бул тууралуу Facebook баракчасына МЖАК коомдук кеңешинин мүчөсү Чолпон Өмүрканова жазып чыкты.

Ч.Өмүрканова жазгандай, ал №47 түзөтүүчү колониянын ооруканасындагы С.Жапаровго жолуккан.

“№47 ТКдан С.Жапаровду мониторингдик негизде көрүп чыкканыма бир аз болду. Жапаровдун айтымында, таңкы саат 4-5терде ал дааратканага кирип сол колун жана мойнун бычак менен кесип салган. Анын айтымында, ал №47 абактын ооруканасынан өзүнө келген. Жараттарын тигип, асма укол коюп жатышат. Ошондой эле, №47 абактын ооруканасынын терапивти көрүп, сүйлөшүп, дайындоолорду жасады”, - деп айтылат МЖАК коомдук кеңешинин мүчөсүнүн билдирүүсүндө

Ал ошондой эле, учурда С.Жапаровдун абалы салыштырмалуу канааттандырарлык экендигин белгилейт. “Мен эртең да ага барам. Биз аны менен сүйлөштүк. Ал өз жанын кыюу маселенин чечими эмес экендигине кошулат. Үй-бүлөсү, туугандары жана жакындары үчүн тынчсызданат”, -деп жыйынтыктайт Ч.Өмүрканова.

Өз кезегинде МЖАК басма сөз катчысы Александр Никсдорф Facebook баракчасына №47 абакта Садыр Жапаровду атайын прокуратуранын кызматкерлери жана акыйкатчынын өкүлдөрү барып көрүшкөнүн жазган. “Алар менен сүйлөшүүдө Жапаров кан тамырларын өзү кесип салганын, 1-СИЗО жана №47 ТК кызматкерлерине, 1-СИЗОдогу камералаштарына доосу жоктугун белгилеген”, - деп жазат А.Никсдорф.

Мындан тышкары, С.Жапаровго жактоочуларын киргизбей жатат деген Азиза Абдирасуловага “эртең менен аны атайын прокуратуранын кызматкерлери жана акыйкатчынын өкүлдөрү, Жапаровдун эки жактоочусу көрүп чыгышканын, кийинчерээк аны ЖК депутаты Зиядин Жамалдинов келип көрүп кеткенин” жооп кылат.

Мурдагы депутаттын жактоочуларынын СИЗОдо камактагылардын бычак колдонуусу боюнча дооматтарына: “СИЗОнун ички тартибинин тиркемесинде “СИЗО камераларында болуучу инвентарь жана заттардын болжолдуу тизмесинде” “Ашкана, консерва бычактары жана кайчылары белгиленип, зарылдыгына жараша СИЗО администрациясы тарабынан берилерин” белгиледи.

Эскерте кетсек, 2-апрелде таңкы 5те Садыр Жапаров камакта турган 1-СИЗОдогу камерага мекеменин дарыгерлери чакыртылган.

Тышкы текшерүүдө фенльдшер сол колу жана мойну кесилгенин аныктаган. Жапаровго дароо тиешелүү жардам көрсөтүлгөн. Өзүн өзү кескилөө фактысы !-СИЗОнун актылар журналына түшүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий