• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

С.Жапаровдун тарапташтары эмгек мигранттарын колдоо тууралуу билдиришип коомчулукту адаштырып жатышат – РФдагы кыргыз диаспорасы

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Садыр Жапаровдун тарапташтары эмгек мигранттарын колдоо тууралуу билдиришип, коомчулукту адаштырып жатышат. Бул тууралуу Россиядагы кыргыз диаспорасынын билдирүүсүндө айтылат.

“Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспораларынын атынан айрым жарандардын мигранттардын атына жамынып алышып, Кыргызстандагы саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөп жаткан аракеттерин катуу айыптайбыз.

Биз өз мекенибизден алыста эмгектенип жүрүп, акыркы жылдарда Кыргызстанда өкүм сүрүп жаткан тынчтык, биримдик жана туруктуулукту өзгөчө баалайбыз. Өлкөдө тынчтыктын болушун жогору баалайбыз.

Айрым оппозиция ишмерлеринин аракеттеринин саясий максаты коомду, өлкөнү бөлүп-жарууга себеп болбошу керек.

Биз мекендештерибизди өлкөнү кезектеги революцияга баруусуна түрткү болуусуна барбоого чакырабыз.

С.Жапаров эмгек мигранттарынын атына жамынбашы керек. Өздөрүнүн жеке максаттарына жетүү үчүн бизди саясат менен байланыштырууга аракет кылгандардын жалган чакырыктары биздин кыжырыбызды келтирүүдө.

Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн жаратман нукка күч жумшоого убакыт келди”,-деп айтылат билдирүүдө.

Кайрылууга Россия Федерациясындагы бардык диаспора жетекчилери кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий