• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

С.Жээнбеков: “2016-жылы биз негизги милдетибиз – экономикалык өсүү динамикасын кармуп тура алдык”

Өкмөт 0

Бишкек, 17-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. 2016-жылы Өкмөт өзүнүн башкы милдетин аткарып, экономикалык өсүүнүн динамикасын кармап тура алды. Бул тууралуу бүгүн Өкмөттүн 2016-жылга отчету каралып жаткан парламенттик көпчүлүк коалициянын жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк экономикадагы жана Кыргызстандын негизги соода өнөктөш өлкөлөрүндөгү терс тенденция өлкөнүн экономикасына өз таасирин тийгизди, бирок ага карабай өткөн жылы Өкмөт экономикалык өсүштүн динамикасын кармап тура алды.

Премьер-министр билдиргендей, жылдык отчеттун жыйынтыгында ИДПнын көлөмү 458 млрд сомго барабар болуп, ал эми өсүүнүн реалдуу темпи 2,7% болжолдоодо 3,8%ды түздү. ИДПнын дефлятору 102,5% деңгээлинде болду. Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору менен камсыздалды. 2016-жылдагы инфляциянын жылдык орто деңгээли 0,4%ды түздү, бул Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн көрсөткүчүнүн эң төмөнкүсү болуп саналат.

“Өндүрүш продукциясынын көлөмү 2016-жылдын биринчи кварталында 25%га түшүп кетүүсүнө карабай, жылдын аягында аталган сектордун өсүүсүн 5,2%га камсыздай алдык. Жылдык отчетто айыл чарбасынын дүң продукциясы 197,1 млрд сомго чыгарылды. Айыл чарба продукцияларын дүңүнөн чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү мал чарба продукциясын өндүрүүнү 2,5%га, өсүмдүк – 3,7%га көбөйтүүнүн эсебинен камсыздалды. Ошентип, 2016-жылы жалпы биримдик боюнча өз ара сооданын көлөмү кыскарган болсо, ал эми Кыргызстанда өзүнүн продукциясын жеткирүү 4,4%га көбөйгөн”,-деди С.жээнбеков.

Өкмөт башчы 2016-2017-жылдагы жылытуу сезонунда энергетикалык тутум туруктуу иштегенин белгиледи. Энергетикалык тармакта 13,04 млрд кВт/саат электр энергия иштелип чыккан,бул 2015-жылга салыштырмалуу 85 млн кВт/саатка көп. Жоготуу 15 тен 13,9%га чейин кыскарган.

Мындан тышкары, премьер-министр баяндагандай, 2016-жылы курулуш продукциясынын жалпы дүң көлөмү 128,6 млрд сомду түзүп, 7,4%га көбөйгөн.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө дүң чыгаруу 2016-жылы 387,7 млрд сом көлөмүндө болуп, реалдуу өсүү темпи 102,9%ды түздү.

“Түз инвестиция 2015-жылга салыштырмалуу 58,4%га азайып, 654,8 млн АКШ долларын түздү. 2016-жылы Кыргызстанга салынган инвестициянын 40%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген . Товарды импорттоонун көлөмү 3 млрд 919,1 млн АКШ долларын түзүп, 3,7%га азайды. Товарды экспорттоонун көлөмү 1 млрд 544,6млн АКШ долларын түздү жана 5,1%га өстү”,-деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий