• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

С.Жээнбеков: Айрым популисттер асмандагы айды алып берем деп курулай убадаларды кат-каттап берип жатышат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. Кыргызстандын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Кочкор районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусу учурунда: «Айрым популисттер асмандагы айды алып берем деп курулай убадаларды кат-каттап берип жатышат. Кичине бирдеме жасап койсо, аны тоодой кылып көрсөткөн же асмандагы айды убада кылган популист, артист саясатчыларды карап отуруп, кээде мактана да жүрүш керек экен деп ойлоп кетем. Эми дээримден андай мүнөзүм жок болсо айла жок экен, эмне кылалы? Мактанганды жаман көрчү элем, көрсө мактаныш да керек экен кээде”, деп чогулган элге кайрылды.

“Айтылуу немис мамлекеттик ишмери Бисмарк согуштагыдай, аңчылыктан кийинкидей же шайлоо маалындагыдай калп көп айтылбаса керек” деген экен. Азыр куру убадалар абдан берилип жатат. Бирөөнүн акчасына, бирөөнүн куру убадасына алданбайлы. Балдарыбыздын келечегин акчага сатпайлы!”, - деп чакырык таштады президенттикке талапкер.

Андан соң ал Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалганда экономиканын абалы кандай болгондугуна кыскача токтолду. «Азыр бүт дүйнөдө экономикалык кризис уланып жатат. Ошого карабай, өлкөбүздө өсүш болду. Бир эле мисал айтайынчы. Былтыр ушул мезгилде 13 пайызга төмөндөп кеткен экспорттун көлөмү быйылкы 7 айда 30 пайызга өстү!

2016-жылдын апрелинде мен Премьер-министр кызматына киришкен мезгилде ички дүӊ продукт 4,9 пайызга, өнөр-жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. 2017-жылдын алты айында ички дүӊ продукт 6,4 пайызга, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулады”, - деп баса белгиледи С.Жээнбеков. Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибиздин үзүрүн эми көрө баштады. “Айрыкча Россиядагы эмгек мигранттарыбыз жергиликтүүлөр менен теӊ укукка ээ болуп, жөндөмүнө, билимине жараша жакшы жумуштарга орношуп жатышат. Азыр короо шыпырган кыргыздар чанда эле болбосо, жок.

Экономиканы ЕврАзЭСке интеграциялоо багытында чоӊ жумуштарды аткардык. Экспортко чыгууга инфраструктурабыз даяр – фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл системасын эл аралык стандарттарга туура келтирип жатабыз, лабораториялар, чек арадагы өткөрмө бекеттери жаңыртылды. Казакстан менен чек арадагы фитосанитардык көзөмөл алынып салынды”, - деп айтып берди С.Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 11.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий