• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

С.Жээнбеков бүгүн иш сапары менен Ош облусуна барат

Өкмөт 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-апрелде иш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сапардын алкагында Өкмөт башчысы “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин ачылышына катышып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен “Ош” эл аралык аэропортунда коопсуздукту жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын көтөрүү маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрөт.

Ошондой эле, премьер-министр Оштогу ветеринардык диогностика борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, Араван-Ак-Буура каналындагы курулуш иштеринин жүрүшүн көрөт.

Пикир

Оставить комментарий