• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

С.Жээнбеков балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган багытта тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө, бирок жетишсиз көлөмдө. Ага далил – коомчулук тарабынан балдардын катышуусунда жол-транспорт кырсыктарынын саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу нараазычылыктардын айтылуусу.

Ички иштер министри Улан Исраилов маалымдагандай, 2017-жылдын төрт айында 1684 жол кырсыгы катталган, анын ичинде 336 окуя балдардын катышуусунда болгон. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, республика боюнча 2238 мектептин 30 % жол боюнда жайгашкан. Бишкек шаарында бул көрсөткүч 32 % түзөт.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республика боюнча жол боюнда жайгашкан мектептердин картасын түзүүнү, жана ал аймактарды светофор жана «полиция кызматкери тургандай» тийиштүү жол инфраструктурасы менен камсыз кылууну тапшырды.

«Жол боюнда жайгашкан мектептерге барган балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси ашыкча күч-эмгекти деле талап кылбайт. Мындай мектептер өлкө боюнча 400гө жакын. Болгону ички иштер органдарынын кызматкерлери, билим берүү системасынын кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргеликте мектеп окуучуларынын жол коопсуздугу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүсү керек. Мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыз кылууда ички иштер органдарында болгон адамдык ресурстарды мобилизациялап, конкреттүү иш аракеттер жасылышы керек. Анын ичинде балдарды жолдон өткөрүү сыяктуу аракеттер да болуусу зарыл”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр ошондой эле милиция кызматкерлери «Менин милициям мени коргойт» деген элдик айтымга ылайык келүүсү керектигин баса белгилеп, жарандардын милицияга болгон ишенимин бекемдөө максатында калкка ак ниети менен кызмат кылуунун жогорку үлгүсүн көрсөтүү тапшырмасын койду.

Пикир

Оставить комментарий