• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

С.Жээнбеков: Бир канча ири мамлекеттик долбоорлор ички миграцияны кыскартууга багытталган

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков ички миграцияны кантип токтотушту билет. Бул тууралуу ал Чүй областынын Токмок шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, жакын арада Токмок өзүнө өнөр-жай шаарынын даңкын кайтарып алат. «Биз кабыл алган Аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында 20 пилоттук шаар менен ишти баштайбыз, алардын арасында Токмок шаары да бар. Концепциянын алкагында Токмок шаарында өндүрүш калыбына келтирилип, жаңы кайра иштетүүчү ишканалар курулат, жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болот, бул ички миграцияны токтотот», - деп белгиледи С.Жээнбеков.

Анын айтымында, бул чаралар көрүлгөндөн кийин жаштар өз туулган жеринде калып иштейт, аларда үйлөнүп-жайланып, ипотекага үй алууга акча каражаттары пайда болот. «Мамлекеттик турак жайга ипотека боюнча насыянын пайызын 14төн 10 пайызга түшүрүп, андан кийин 8 пайызга чейин түшүрүүгө аракет кыла баштаганбыз. Эми өкмөт үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан баштап пайызды 8%га чейин түшүрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Келечекте ушундай төмөн пайыз менен мамлекеттик ипотека бюджет кызматкерлери, врач, мугалимдерге гана эмес, деги эле турак-жайга муктаж жарандарыбызга бериле баштайт», - деп белгиледи С.Жээнбеков.

Ошондой эле ал кичи шаарларда канализациялык системаны оңдоо жана куруу, таза суунун жетишсиздиги маселеси курч экенин белгиледи. Ал эскерткендей, калкты таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын алкагында 650 конуштарда суу объектилери салынып, оңдолуп, ишке берилет. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын баардык аймактары таза суу менен камсыз болот.

«Ошондой эле ирригация боюнча мамлекеттик программаны кабыл алдык. Ага ылайык жакын кыжылдары 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Жаңы калк конуштары, фермердик чарбалар пайда болот, 240 миӊден ашуун иш оруну жаралат. Ички миграцияны токтотобуз», - деп сөзүн жыйынтыктады С.Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 28.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий