• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

С.Жээнбеков: Чыңгыз Айтматов менен иштеп, анын эӊ жакшы нерселерин өзүмө сиңирдим

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште депутат болгонумда улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов менен бирге иштеп калганым үчүн мен бактылуумун, деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Талас облусунун Шекер айылындагы Чыӊгыз Айтматовдун үй музейинде жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын каармандарынын ачык асман алдындагы музейине барган учурда. С.Жээнбеков музейлерди көрүп чыгып, Ч.Айтматовдун эстелигине гүл койду жана ошондой эле ал жактан шайлоочулар менен жолугушту.

С.Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун эӊ мыкты сапаттарын өзүнө сиңирип алганга аракет кылганын баса белгиледи. “Чыӊгыз агабыз – кыргыз элинин чекесине бүткөн өчпөс жылдыз. Кут, ырыскы. Ал кыргыз элин, анын руханий дүйнөсүн, көөнөрбөс мурасын ааламга таанытты. Ал өзгөчө адам болгон эле. Биз, кыргызстандыктар, “Манас” эпосу жана Чыӊгыз Айтматов менен руханий байлыгыбыз катары сыймыктанабыз. Эӊ кызыктуусу, экөө теӊ Талас менен түздөн-түз байланышы бар”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстанды кыдырып, шайлоочуларды өз программалары менен тааныштырып жүргөнүн айтты. “Мен 1995-жылдан бери элиме кызмат кылып келе жатам, элден чыккам жана ар дайым эл менен болом. Айрымдар тоодой убада беришет, мен болсо аткарган иштерим менен сиздерге даяр келдим”, – деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 22.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий