• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

С.Жээнбеков ЕАЭБ техникалык регламенттерине ылайык келүү боюнча ишти аягына чыгарууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. 2017-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы биримдигинин / ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келүүсүн инвентаризациялоо жана учурдагы колдонулуп жаткан техникалык регламенттерге улуттук мыйзамдарды ыңгайлаштыруу боюнча ишти аягына чыгаруу керек. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында койду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулушу менен өзүнө тийиштүү милдеттенмелерди, анын ичинде техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө милдеттенмелерди алгандыгын билдирди.

«Жооптуу министрлик менен ведомстволор 2017-жылдын 25-майына чейин Экономика министрлигине Бажы биримдигинин 18 регламенти 12-августтан тартып күчүнө киргенден кийин пайда болуучу коркунучтар боюнча кеңири анализдерди бергиле. Айрыкча калктын калың катмарынын кызыкчылыктарына жана экономикадагы артыкчылыктуу тармактарга таасирин тийгизе турган регламенттерди кылдат иштеп чыгуу боюнча бардык күч-аракетти топтоп, жумшоо зарыл», — деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков Бажы биримдигинин /ЕАЭБдин 18 регламенти 2017-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кирге турганын билдирди.

«2017-жылдын 12-августунан баштап күчүнө кире турган бажы биримдигинин 18 техникалык регламентинин 9 тамак-аш коопсуздугун жөнгө салат. Аны менен бирге 2017-жылдын 12-августунан баштап күчүнө кире турган 18 техникалык регламенттин 6 боюнча өлкөдө сыноо лабораторияларын жоктугун эске алуу менен ылайык жарыяланган күбөлүк берүүнү жана каттоону жүргүзүү боюнча эч кандай органдар жок», — деди Алмаз Сазбаков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бажы биримдигинин техникалык регламенттерин кабыл алуу боюнча иш чаралардын Планы 2017-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жактырылгандыгын белгиледи.

«Эки айдан кийин деле бажы Биримдигиндеги техникалык регламенттерди ишке ашырууга тартылган министрликтер жана мекемелердин аткаруу иштери начар экендигин белгилөөгө болот. Кабыл алынган документ иш жүзүнө ашырылбай жатат. Буга байланыштуу тармакты көзөмөлдөй турган вице-премьер-министр Олег Панкратовго ЕАЭБ иш пландарын убагында аткарбаган тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине үч күн ичинде тартиптик чара көрүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырам», — деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий