• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

С.Жээнбеков: “Фото жана видео байкоо иштерин күчтөндүрүү гана жол кырсыктарын азайта алат”

Коом 0

Бишкек, 17-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Фото жана видео байкоо иштерин күчтөндүрүү гана унаа-жол кырсыктарын азайта алат. Бул тууралуу бүгүн парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Депутат Музаффар Исаков жолдордо жол кырсыктарын азайтуу максатында кандай иштер аткарылып, эмне чараларды көрүү пландалып жатканын сурады.

Өз кезегинде премьер-министр өкмөт фото жана видео байкоолорду орнотуу иштерин, күнөөлүүлөргө карата айып салууну активдештирип жаткандыгын белгиледи.

“Биз жол кыймылынын эрежелерин сактоо маселесин экономикалык чараларды кабыл алуу жолу менен гана чече алабыз. Бул тууралуу мамлекет башчысы дагы айткандыгын белгилеп кетүү керек. Жолдордо коопсуздукту камсыздоого багытталган «Таза коом» долбоору ишке киргизүүгө даярдалып жатат. Фото жана видео байкоолорду орнотуу жогорку ылдамдыкта жүрүүдөн кармантат. Учурда күн сайын жо кырсыгы катталып, тилекке каршы, жолдо өлүмдөр абдан көбөйдү. Биз бул чаралар натыйжа берет деп ойлойбуз. Себеби, ылдамдыкты жогорулаткан айдоочулар үчүн экономикалык таасир берүү аркылуу жол кыймылынын эрежелерин сактоого жетишебиз”, - деген премьер-министр, кандай болсо да, рулдагы адам өзү жана башка айдоочулар үчүн жоопкерчиликти сезе билиши керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий