• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

С.Жээнбеков Исфана шаарынан ар улуттуу үй-бүлөнүн батасын алды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Исфана шаарында көп жылдан бери түтүн булатып, бири-бирин колдоп жашап келе жаткан ар улуттуу жубайлардын үйүнө барды.

82 жаштагы Алымкул Баратов жана анынжубайы – 79 жаштагы Соня Чурашова 53 жылдан бери бирге жашашат. 7 балалуу, 16 неберелүү болушкан.

Алымкул Баратов тажрыйбалуу, таза, өлкөнү баарынан кымбат койгон Сооронбай Жээнбековдой президентти Кыргызстанга кааларын айтты. “Сиздей президентти тандап алса, Кыргызстан андан утат гана”, - деп аксакал талапкерге айтты.

Анын жубайы, эмгектин ардагери, батыр эне Соня Чурашова Сооронбай Жээнбековго президенттик кызматта мамлекеттин өркүндөшү, элинин бакубатчылыгы үчүн иштешин каалады. “Биз сизге ишенебиз жана сыймыктанабыз. Добушубузду сизге гана беребиз”, - деди ал.

Ошондой эле Соня апа бекем үй-бүлөнүн сырын ачты: - Бири-бириңерди сыйлагыла, кечиримдүү болгула. Ошондоүй-бүлө да бекем болот, ынтымак болот, - деп белгиледи.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков алардын берген батасына ыраазычылыгын билдирип, жаштар үчүн мыкты үлгү экендиктерин айтты. “Ынтымакта ушунча жылдан бери жашап, балдарга татыктуу тарбия берип, акэ мгегиңер мене нмамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар. Сиздерге таазим”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий