• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

С.Жээнбеков Казань шаарына учуп кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-майда, Россия Федерациясындагы Татарстан Республикасынын Казань шаарына Кошмо Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйындар эртең, 26-майда болот. Эскерте кетсек, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.

Жыйындарда КМШ мамлекеттеринин жана Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ортосундагы кызматташуу тууралуу маселелер талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында– вице-премьер-министр Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын КМШ уставдык органында туруктуу ыйгарымдуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев, Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Уметалиев, Премьер-министрдин кеңешчиси Нурсулу Ахметова, Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, Өкмөттүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жана Кыргыз Республикасынын КМШ экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиясынын өкүлү Зина Асанкожоева бар.

Пикир

Оставить комментарий