• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

С.Жээнбеков Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча парламенттеги коалициялык көпчүлүккө маалымат берет

Өкмөт 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик коалициялык көпчүлүктүн кароосуна киргизет. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын Жогорку Кеңешке өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамдын 12-беренесине ылайык Премьер-министр жыл сайын 15-майга чейин Жогорку Кеңешке парламент тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасы тууралуу өткөн жыл үчүн отчет берип турат.

Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттик фракцияларда жана комитеттерде талкуудан өтүп, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына коюлат.

Отчетто белгиленгендей, 2016-жылы өлкөдө экономикалык өсүү 3,8% түздү. Улуттук валютаны бекемдеп, өндүрүштүн өсүү темпин жогоруталууга мүмкүндүк болду. 2016-жылы экспорт 5,1% өстү.

Республиканын экономика тармагындагы бул позитивдүү көрсөткүчтөр ВСП+ макамына да байланыштуу, анткени биздин экспортерлор өз товарларын кошумча салык төлөмүсүз Европа Биримдигинин рыногуна чыгаруда. 2016-жылы Европа Биримдигинин аймагына экспорттун көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 44,3% көбөйдү.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун алкагында жалпы суммасы 202 млн АКШ долларын түзгөн 647 долбоор каржыланган. 13 миңден ашык дыйкан-фермерлерге 4,8 млрд. сомдук жеңилдетилген насыя берилген.

Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кириши менен эмгек мигранттары үчүн жумушка орношуу процедуралары кыскарып, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалы бир топ жакшырган. 2016-жылы эмгек мигранттарынын мекенине которгон акча-каражаты 21,6% өсүп, 1,9 млрд. сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий