• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

С.Жээнбеков: Кыргызстан демократиялык баалуулуктарга чечкиндүү түрдө кадам жасап, ошол багытта алдыга жылат

Өкмөт 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков шаршембиде, 7-июнда, Европа Союзунун тышкы байланыш кызматынын баш катчысынын орун басары Жан-Кристоф Белльяр менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда алдыда боло турган «ЕС-БА коопсуздук жана саясат маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалог» аталышындагы 4 жыйындын күн тартибинде карала турган, Кыргызстан менен Европа Союзунун ортосундагы эки тараптуу мамилелерге тиешелүү маселелер талкууланды.

«Бизди демократияны, адам укуктарын сактоо, мыйзамдын жана башка баалуулуктардын жогорулугу сыяктуу милдеттенмелер бириктирип турат. Биз мындан ары бир багытта кызматташууга кызыкдарбыз. Биз алдыдагы диалогдо Ооганстандагы абал, радикализм жана терроризм менен күрөшүү сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулап, баңги зат менен күрөшүү, чек ара башкаруу жана башка негизги маселелерди чечүү боюнча жалпы мамилени табууга умтулган дагы бир кадам болоруна ишенебиз. Ошондой эле, эки тараптуу кызматташтыкты андан ары жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө аракеттенебиз», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Ал Кыргызстан демократиялык баалуулуктарга чечкиндүү түрдө кадам жасап, демократиялык жана укуктук мамлекет катары ошол багытта алдыга жыларын баса белгиледи.

Өкмөт башчы коомду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун катарындагы «Таза Коом» өлкөнү санариптик трансформацияга өткөрүү улуттук долбоору тууралуу айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков, долбоордун приоритеттүү багыттарына токтолуп, ЕБ Кыргызстан тарабынан берилген долбоорлор оң багытта караларына ишеним артарын билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы байланыш кызматынын баш катчысынын орун басары Жан-Кристоф Белльяр Кыргызстан менен ЕБ демократиялык багытта кызматташуусун үлгүлүү деп айтууга болот, деген оюн билдирди. «Азыр сиздердин мамлекет президенттик шайлоого даярдык көрүүдө. Биз - ЕБ өлкөлөрү бул процессти колдойбуз, ошондой эле ЖККУ шайлоого колдоо көрсөтүүгө кызыкдар жана анда ачыктык менен атаандаштыкка туруштук берүү мыкты болуп, ЖМК байланыш жакшы болушун каалайбыз. Жыйынтыгы эл аралык биримдиктин ишенимине татыктуу болоруна ишенебиз. Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү, тактап айтканда өлкөнүн аброю үчүн», – деди Жан –Кристоф Белльяр.

Мындан сырткары ал аймактык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстандын жакынкы мамлекеттер менен мамилесин, анын ичинде ЕБ менен болгон кызматташтыгын жогору баалады.

«Таза Коом» долбооруна токтолуп жатып, ал долбоордун мамлекеттик органдар менен элдин ортосундагы мамилесинде маанилүү экенин жана коррупцияны жоюп, мамлекеттик тейлөөлөрдү жакшыртууда негизги багыт экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий