• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

С.Жээнбеков: Лизинг программасын өнүктүрүүгө Өкмөт тарабынан 1 миллиард сомдон ашык каражат каралды

Өкмөт 0


Бишкек, 17-май /Кабар/. «Лизинг программасын өнүктүрүүгө Өкмөт тарабынан 1 миллиард сомдон ашык каражат каралды. Өкмөт ата мекендик фермерлерди жана дыйкандарды колдоо багытындагы саясатын улантат», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, «Айыл-Агро-2017» V Эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсүндө. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары Өкмөт тарабынан өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү үчүн техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Өлкөнүн машина-трактордук паркын жакшыртуу максатында айыл чарба техникаларын лизингге берүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Акыркы беш жылда жалпы суммасы 2,2 миллиард сом болгон 2 миңден ашык техникалар берилди. 2020-жылга чейин машина-трактордук станцияларды түзүүнү кеңейтүү программасы ишке ашуда», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт лизинг программасынын алкагында дыйкан-фермерлерге жаңы агрардык технологиянын шартында заманбап техникалар менен таанышууга мүмкүндүк түзөт.

«Мына ушул максатта жыл сайын биздин өлкөдө салтка айланып калган «Айыл-Агро» Эл аралык көргөзмөсү өтөт. Иш чаранын дыйкан-фермерлер менен техника өндүргөн ишкерлер ортосундагы алаканы бекемдөөдө мааниси чоң. Техникаларды өз баасында сатып алуу, өлкөдөгү айыл чарба тармагындагы техникалардын жаңылануусуна чоң өбөлгө болот», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы көргөзмөгө коюлган техникалардын түрү менен таанышып чыкты.

«Айыл-Агро» Эл аралык көргөзмөсү агроөнөр жай тармагында жаңы техникаларды кеңейтүүдө негизги аянт болуп эсептелет.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүп, «Айыл Банка» жана Россиянын атайын техникаларды чыгаруучу «Росагромаш» ассоциациясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Көргөзмөгө дүйнөнүн 10 ашык өлкөсүнөн түрдүү өкүлдөр катышып, 17-19-майга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий