• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

С.Жээнбеков: Өлкөнүн бүтүндөй туруктуулугун бекемдөө үчүн аймактарды күчтөндүрүшүбүз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. «Өлкөнүн бүтүндөй туруктуулугун бекемдөө үчүн, биз аймактарды күчтөндүрүшүбүз керек», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 24-мартта Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдарга аймактык саясаттын концепциясын бекитүү тууралуу маселени караганда.

Өкмөт башчысы өлкөнүн Евразия экономикалык бирлигине кириши аймактарда айыл чарбасын өнүктүрүүнү талап кыларын баса белгиледи.

Бул боюнча маалымат берген экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев 2015-жылы өлкө Президентинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында аймактарды өнүктүрүүнүн багыттарын карап чыгып, ырааты менен ар бир аймакта «өнүгүү точкасын» аныктоого өтүү сунушталганын билдирди.

Иштелип чыккан Концепциянын долбоорунда негизги тапшырмалардан болуп: —калктын экономикалык активдүүлүгүн көтөрүү үчүн, экономикалык өнүгүү точкаларын түптөө; —аймактарды өнүктүрүүнү жана адистештирүүнү ишке ашыруу, ошондой эле класттерлерди түптөө; —сапаттуу мамлекеттик тейлөөлөрдү (социалдык жана сервистик) көрсөтүү үчүн, аймактарда бардык керектүү шарттарды түзүү; —ар бир аймакты өнүктүрүүгө жеке басым жасоо эсептелет. Аталган Концепцияда пилоттук аймак катары ошол аймактардын базасында өнүгүү максатында 20 шаар жана айылдык пункт тандалып алынган.

Премьер-министр сунушталган аймактык саясаттын Концепциясы аймактарды өнүктүрүүдөгү узак мөөнөттүү келечекке карай бирдиктүү саясаттын түптөлүшүнө багытталганын билдирди.

«Эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып айрым райондорду жана облустарды өнүктүрүү боюнча бир катар программалар кабыл алынган. Бирок финансылык ресурстар менен толугу менен камсыз болбогондуктан, регионду өнүктүрүүнүн көпчүлүк реформалары аткарылбай калган. Тармактык мамиле да региондордун өнүгүшүнө олуттуу жылыштарды бере алган жок. Бүгүн региондордо, теңдештирүү боюнча чаралар көрүлгөндүгүнө карабастан, дагы эле өнүгүүсүндө айырмачылыктар бар», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Аны менен катар Өкмөт башчы экономикалык ишмердүүлүккө жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбагандыгы калк арасында миграциялык мүнөздүн күч алышына алып келгендигин кошумчалады.

«Концепцияны ишке ашыруунун Планын иштеп чыгуу максатында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир айдын ичинде жер-жерлерде иштеп жаткан кайра иштетүүчү айыл чарба ишканалары жана келечекте ишке киргизилүүчү кубаттуулуктар боюнча деталдуу анализ жүргүзүлсүн. Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитети жергиликтүү органдар менен биргеликте энергетикалык комплексти өнүктүрүүнү эске алуу менен, иштеп жаткан жана келечектеги өндүрүштүк ишканаларга анализ жүргүзсүн. Өнүктүрүү борборлорун түзүү, социалдык-экономикалык долбоорлорду максаттуу мамлекеттик колдоолор аркылуу региондордо экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу – жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, миграциялык процесстердин басаңдашына түрткү болот деп ойлойм», — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий