• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

С.Жээнбеков: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багып-караган ата-энелердин мөөнөтү иш стажын акиргизилет

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. Нарын областынын Ат-Башы районуна болгон шайлоо кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков кайратынын бекемдиги үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган 1-топтогу майып Рахатбек Үсөнкожоевге жолугушууга барды.

Сооронбай Жээнбеков аны менен болгон жолугушууда Рахатбек Үсөнкожоев эрктүүлүгү менен кандай гана оор кырдаалды болбосун, жеңүү мүмкүн экенин башкаларга далилдегенин белгилеп өттү. «Керек болсо 12 мүчөсү соо адамдар сенден үлгү алышы керек. Колу-буту соо канчалаган жаштар азыр ар кайсы мекемелерди сагалап, мага аны бер, муну бер деп, догун артып жүрүшөт. Көрсө татыктуу жашайм деген адам жолун табат экен да. Жөн эле жатып албай, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп, киреше таап, балдарыңды багып жатасың. Сени менен баарыбыз сыймыктанабыз!» – деди С.Жээнбеков.

Баарлашуу учурунда Рахатбек Үсөнкожоев мүмкүнчүлүгү чектелгендерди мамлекет тарабынан колдоосу боюнча маселени козгоду. С.Жээнбеков төлөмдөрдүн көлөмүн жашоо минимумуна чейин көтөрүү маселеси каралып жатканын билдирди. Ал эми Рахатбектин ата-энеси менен сүйлөшүп жатып, ата-энелердин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын жашы жеткен куракка чейин багып-караган убакыттары алардын эмгек стажына киргизилерин да айты пөттү.

Сооронбай Жээнбеков Рахатбек Үсөнкожоевге жана анын жакындарына ден-соолук, сабырдуулук жана бардык жакшылыктарды каалады.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 17.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий