• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

С.Жээнбеков: Мага элимден башканын батасы кереги жок

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 21.09.17 /Кабар/. “Мага элимден башка эч кимисинин батасы кереги жок”, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Талас облусунун Манас районунда шайлоочулар менен болгон жолугушуу учурунда “кимдир бирөөнүн батасын алыш үчүн башка өлкөлөргө чыкпайсызбы?”- деген суроого жооп берип жатып.

Анын айтымында, шайлоо алдында чет жакка чыгуу ниети жок. “Мына биз Манас бабабыздын куттуу жеринде турабыз. Намыс, абийир деген сапатты Манастан үйрөнүшүбүз керек. Мен үчүн абийир менен ар-намыстан башка кымбат эч нерсе жок. Биз эгемендигибизди, эркиндигибизди туу тутушубуз керек. Өз элибизге кулдай кызмат кылып, батаны да элибизден алууга тийишпиз! Бизди кыргыз эли, кыргызстандыктар шайлайт!”, - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 21.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий