• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

С.Жээнбеков майрамдын алдынан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сардарбек Акылбековго барды

Өкмөт 0

Бишкек, 9-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков майрамдын алдынан 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Токбай айылынын тургуну Сардарбек Акылбековго барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Сизди чын жүрөктөн 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72-жылдыгы менен куттуктайм. 1942-жылы 18 жаш курагыңызда кандуу согушка аттанып, андагы миллиондогон адамдардын, анын ичинде биздин мекендештердин өмүрүн алган бардык оор учурду баштан өткөрдүңүз. Сиздердин тайманбастыгыңыздардан 1945-жылдын 9-майы миллиондогон жарандар үчүн эң маанилүү күн катары тарыхта калды», – деди Сооронбай Жээнбеков. Ал Өкмөт Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жакшы шарт түзүү үчүн ар тараптан колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Өкмөт башчы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сардарбек Акылбековго бекем ден-соолук, ийгилик жана ачык асман каалады. Ага Премьер-министрдин резервдик фондунан материалдык жардам берилди.

Сардарбек Акылбеков «Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени», «Германияны жеңгендиги үчүн» медалынын жана ошондой эле бири катар медалдардын ээси, эмгектин ардагери.

Пикир

Оставить комментарий