• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

С.Жээнбеков маморгандарга аэропорттогу туристтерди тейлөөнүн жана коопсуздуктун сапатын жогорулатууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-апрелде, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен «Ош» эл аралык аэропортундагы көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн жана коопсуздукту камсыз кылуунун сапатын көтөрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын алдында өлкөдөгү туристтик потенциалды көтөрүү милдети турганын билдирди.

«Бул максаттарга жетүү үчүн биз туристтик инфраструктураны көтөрүүгө, кышкысын жа жайкысын да туристтердин агымы үзүлбөй тургайдай максималдуу аракет кылышыбыз керек. Сырттан келген туристтерге тиешелүү мамлекеттик органдар жана аэропорт кызматкерлери тарабынан жогорку маданияттуулуктагы мамиле болушу зарыл. Алар үчүн Кыргызстан эс алуунун эң бир ыңгайлуу жана жагымдуу жерине айланышы керек. Ал үчүн бизде тейлөөнүн бардык түрү анын ичинде коопсуздук жагы да жогорку деңгээлде болушу шарт», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр аэропорттун инфраструктурасынын жакшырышына өзгөчө маани берүү зарылдыгын айтуу менен, ал үчүн ички аткаруу тартибине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Соңунда Өкмөт башчы «Ош» эл аралык аэропортундагы учуп-конуу катарларын кеңейтүүдөгү бардык иш аракеттерди эл аралык стандарттардын негизинде жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан сырткары Эл аралык «Манас» аэропорту ААК жетекчилигине азыркы жүргүзүлп жаткан каттамдар жетишсиз болуп жаткандыктан, ички каттамдарды кеңейтүү максатында Жалал-Абад жана Баткен шаарларында каттамдарды көбөйтүү иштери сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий