• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

С.Жээнбеков: Мен каршылаштарым менен эмес, элдин тандоосуна таасир эткиси келген олигархтар менен күрөшүүдөмүн

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 29.09.17 /Кабар/. Менин ниетим башка президенттикке талапкерлер менен күрөшүүдө эмес, мен Кыргызстандын келечеги, анын көзкарандысыздыгы үчүн күрөшүп жатам, деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Ал белгилегендей, шайлоо процессине сырткы күчтөрдүн, олигархтардын кийлигишүүсүнүн терс көрүнүштөрү байкалууда. «Дагы деле кайсы бир сырткы оюнчулардын өлкөбүзгө таасир эткиси келгени мени тынчсыздандырууда. Бирок биз элибизден башка эч кимисинин алдында тизелебейбиз. Бийлик, байлык – элдики. Менин күчүм, билимим, тажрыйбам жана саясий эрким эч кимге көз карандысыз ички жана тышкы саясатты жүргүзүүгө жетет, бир ууч олигархтардын көзүн карабайбыз. Мен көптөн бери саясатта жүрөм, бир топ жыл мамлекеттик кызматта эмгектендим. Башка эч нерсе таппай, мага терроризм, экстремизм деген ойго келбеген нерселерди жабыштырып жатышат. Бирок бизде демократия, сөз эркиндиги эмеспи, мен буга унчуккан жокмун», - деп белгиледи талапкер.

Админресурсту колдонуу боюнча пикирлер жөнүндө айтып жатып, ал бардыгына бирдей шарт түзүү максатында премьер-министр кызматынан кеткенин эскертти. «Келгиле эстеп көрөлү, 2005, 2009-жылдары шайлоо кандай өткөн? Бүт бардыгы кабинеттерден чечилип, шайлоо «айлампа» сыяктуу ыплас технологиялар менен өтчү эмес беле? Биз таза шайлоону камсыздаган биометрия системасын киргиздик. Бул тууралуу бизди азыр админресурс деп айыптап жаткандар, ал эми убагында өздөрү админресурсту болушунча колдонгондор эмне үчүн айткысы келбейт? Менин күрөшүм – бул башка талапкерлер менен каршылашуу эмес, мен Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшүп жатам», - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал өлкөнүн тагдыры ага баарынан кымбат экени нбелгиледи. «Менин максатым – адам укугун сыйлаган, демократия принцибиндеги мамлекетти түзүү. Өлкө экономикалык жактан өнүккөн, ар-биринде жумуш, киреше булагы болушу керек. Кыргызстандын көп улуттуу эли ыңгайлуу шарттарда жашап, балдар бактылуу болуп, дарыгер акча табыштын эмес, адамдарды дарылоонун айласын ойлоп, пенсиядагылар эптеген акчага эмес, каалагандай жашай алгандай, кыргызстандыктар чет жактан жумуш издебей, өз бактыларын үйүнөн тапса экен деп тилейм. Менин тажрыйбам, билимим буга жол берет. Алдыда бизди чоң реформалар күтүп жатат. Мен буга чейинки жетишкендиктерди бекемдейм жана мамлекетибизди жаңы деңгээлге чыгарам. Башка талапкерлер жөнүндө жаман сөз айткым келбейт – алар жакшы. Бирок алардан мына мен жакшымын! Эч нерседен коркпой, ишенип, үмүт менен мага добуш берсеңер болот!», - деди Сооронбай Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 29.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий