• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

С.Жээнбеков нарындыктарды Нарын шаарынын күнү менен куттуктады - ФОТОРЕПОРТАЖ

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигин еталапкер Сооронбай Жээнбеков Нарын областына болгон агитациялык иш-чарасынын алкагында бүгүн, 16-сентябрда Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, аларды Нарын шаарынын күнү менен куттуктады.

Ал белгилегендей, Нарын шаарынын эл аралык логистикалык борборго айлануу мүмкүнчүлүгү пайда болуп отурат, анткени бул шаар 19-кылымдан бери Кашкарга, Кытайг кеткен соода жолунда жайгашкан чеп болгон жана стратегиялык чоң роль ойногон. Бишкек-Нарын-Торугарт транзиттик автожолу оңдолгондон кийин Нарынга 4 сааттын ичинде жетүүгө мүмкүн болду.

Сооронбай Жээнбеков шаардын өнүгүүсүнө потенциал жетиштүү экенин белгилеп, мындан ары да гүлдөп-өнүгүшүн каалады.

Сооронбай Жээнбековдун Нарын шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусу майрамдык концерт менен аяктады.

Фото - Нарын жериндеги эл менен жолугушуу урулары.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 16.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий