• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Орозо айы адамдарды бири-бирине кайрымдуу болууга чакырат

Өкмөт 0

Бишкек, 27-май /Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, премьер-министрдин куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыйык Рамазан айы менен куттуктайм.

Орозо айы адамдарды бири-бирине кайрымдуу болууга чакырат, ар бир момун мусулман ниетин, пейилин тазартууга аракет кылып, Жараткандан жакшылык сурайт.

Баардыгыңыздарга бекем ден-соолук каалайм, ниет кылган тилектериңиздер орундалышын Кудайдан тилейм.

Кыргызстаныбызда тынчтык, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык жана жакшылыктар көп болсун”.

Пикир

Оставить комментарий