• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

С.Жээнбеков Ош шаарында 2010-жылдагы апрель окуясынын катышуучулары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 7-апрель /Кабар/. «Апрель элдик революциясы өлкөнүн өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, жогорку бийликтеги коррупциялык схемаларды жоюуга жол ачты», — деди Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 6-апрелде, Ош шаарында 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын катышуучулары менен жолугуп, курман болгондорду эскерүү иш чарасында. Иш чара Премьер-министрдин Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өз сөзундө Кыргызстандын жаңы тарыхында өлкөнүн мындан аркы өнүгүү жолун аныктаган көп маанилүү окуялар болгонун баса белгиледи. Ал белгилегендей, алардын эң маанилүүсү 2010-жылдагы Апрель элдик революциясы болду.

«2010-жылдын апрелинде Кыргызстандын эли үй-бүлөлүк башкарууга жана бийликтеги адилетсиздикке, андагы коррупция менен мыйзамсыздыкка чыдай албай аларга каршы чыгышты. Ошондогу бийлик элдин кызыкчылыгын ойлобой, өлкөдөгү улуттук байлыктарды менчиктештире баштады. Бирок алар кыргыз элинин акыйкатсыздыкка эч качан туруштук бере албасын эсине алган жок», — дедиСооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр акыркы жети жылда өлкөдө сапаттуу жана позитивдүү өзгөрүүлөр болгонун билдирди.

«Республикалык бюджеттин кирешеси 2009-жылга салыштырмалуу эки эседен артык өстү. Энергетика, айыл чарба, билим берүү, өнөр жай, саламаттыкты сктоо, жана социалдык тармактарда ири долбоорлор ишке ашууда. Эң негизги жетишкендигибиз катары энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болдук. Эми каалаган кезде, электр энергия же газ өчурүлсө бизде үзгүлтүксүз элект энергиясы болот», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы бүгүнкү күндө өлкөдө таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү менен бийликтин бардык тарабы элдин колунда экениндигин баса белгиледи.

Ошондой эле Өкмөт башчы Апрель элдик революциясынын катышуучулары менен жолукканда Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан жана жеке өзүнүн атынан аларга ыраазычылык билдирди.

«2010-жылдагы окуядан кийин өлкөнүн алдында чоң коркунучтар турду. Элдин биримдиги менен өлкөдө туруктуулукту сактап, өнүгүү жолуна карай багыта алдык. Сиздерге мындан ары да Мекен үчүн талыкпай эмгектенүүнү каалайм», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Апрель элдик революциясында жасаган эрдиги үчүн Ош шаарынын, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир катар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий