• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

С.Жээнбеков: санариптик телеберүүгө өтүү тууралуу аймактарда түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Республиканын санариптик телеберүүгө өтүүсү тууралуу аймактардагы калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Бул тууралуу тийиштүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргызстандын санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселени кароо учурунда бергенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында өлкөбүздүн санариптик берүүлөргө кошулуусу улуттук долбоор катары аныкталган. Бүгүнкү күндө калктын 95% санариптик телеберүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. 326 бийик тоолуу калктуу пунктта калктын 5% санариптик телевидениеге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу зарыл. 2017-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен болгон жыйында автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотууга атайын жай бөлүп берүү тапшырмасы берилген. Ретрансляторлорду орнотууга жай бөлүп берүү маселеси болбошу керек. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 81 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду сатып алуу үчүн кошумча 45 млн сом табууну караштырсын », – деп билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков санариптик телеберүүгө өтүүнүн мааниси чоң экендигине токтолду. «2017-жылдын 15-майына чейин аналогдук телевидение өчүрүлөт, буга аз убакыт калды. Алсак, Нарын облусунда 65 %, Ысык-Көл облусунда – 77 %, Жалал-Абад облусунда – 60 %, Чүй облусунда 47 % жашоочулар санариптик телеберүүгө туташтырылган. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республиканын санариптик телеберүүгө өтүүсү тууралуу аймактардагы калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүсү зарыл. Ар бир жаран аналогдук берүүлөрдүн өчүрүлүшүнө 52 күн калганын билиши керек. Бул убакыт аралыгында жарандар DVB-T 2 MPEG 4 форматында санариптик сигналдарды кабыл алууга жөндөмдүү заманбап телевизор же приставка сатып алуусу керек», – деп баса белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасынын ишке ашырылышынын жүрүшү боюнча маселени апрел айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында кайра кароо чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий