• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

С.Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга жазгы талаа жумуштарын көрсөтүлгөн мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга 2017-жылдагы жазгы талаа жумуштарын көрсөтүлгөн агротехникалык мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу 3-апрелде 2017-жылдагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жазгы талаа иштерине карата даярдык тууралуу өткөн жыйында белгилүү болду.

Сооронбай Жээнбеков жазгы талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн фермерлерди убагында жетишээрлик көлөмдө сапаттуу үрөн менен камсыз кылуунун маанилүулүгүн белгиледи. Буга байланыштуу айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация минисрлиги жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дыйкан-фермерлерди сапаттуу үрөн жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселелерин чечиши керек. Мындан сырткары аларга быйыл өлкө аймагындагы айдап себүү иштеринин кечеңдөөсүнө карабай ишти көрсөтүлгөн агротехникалык мөөнөттө бүтүрүү тапшырылды.

Премьер-министр «Айыл чарбасын каржылоо — 5» Программасынын алкагында Өкмөт айыл чарбасын кайра иштетүү, экспортко багытталган продукцияларды өстүрүүгө 6%, мал чарбасына жана өсүмдүк өстүрүүгө 10% жылдык үстөк менен 36 айга жеңилдетилгенин насыялар берилип жатканын эскертти.

Жыйында Сооронбай Жээнбеков айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, «Айыл чарбасын каржылоо — 5» Программасынын алкагында коммерциялык банктар менен тыгыз иштешип, дыйкан-фермерлерге насыя каражаттарын убагында берүүнү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Жыйында айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев, бүгүнкү күндө жеке компаниялар 194 миң тонна жер семирткич алып келүү боюнча келишимге кол койгонун маалымдады. Аны менен катар жазгы сугат иштерин жүргүзүүгө суу сактагычтарда суунун көлөмү жетиштүү деңгээлде экенин, кээ бир суу сактагычтарда сууну кое берүүгө туура келип жатканын билдирди.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү азыркы тапта жер-жерлерде жазгы талаа иштерине карата даярдыктар өз нугунда журүп жатканын, жер семирткичтер жана керектүү муктаждыктардын бардыгы жетиштүү деңгээлде бар экенин да кошумчалашты.

Жыйынтыгында Премьер-министр Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тийиштүү иш чараларды жүргүзүп, айыл чарба тамак аш жана мелиорация министрлиги менен тыгыз байланышта болуп, келип чыккан маселени жеринен чечүү боюнча иш алып барууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий