• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

С.Жээнбеков – тил сынагынан ɵтүү андай деле кыйын болгон жок

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 4 августа /Кабар/. КСДП партиясынан Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-августта 2017-жылдагы шайлоо кампаниясынын алкагындагы кыргыз тилинен милдеттүү түрдɵ тест тапшыруудан ийгиликтүү ɵттү.

Сооронбай Жээнбеков эне тилин эң жогорку деңгээлде биле тургандыгын кɵрсɵтүп, тесттин жыйынтыгы менен мүмкүн болгон 100 баллдан 94,6 балл алды.

Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия тарабынан бекитилген «Кыргызтест» системасы боюнча КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков бардык зарыл процедуралардан ɵттү. Алгач каттоодон ɵтүп, идентификациялык код алган соң тестти тапшыруунун эрежелери менен таанышты. Экинчи этапта Сооронбай Жээнбеков тест тапшырып, башка экзамендик талаптарды аткаруу менен бирге кыргыз тилин оозеки түрдɵ канчалык билерин кɵрсɵттү. Экзамендин жыйынтыгында ага мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.

Тесттен кийин Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берди. Тапшырмалар кызыктуу болгонун, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде да болгонун айтты.

«Бекитилген процедурага ылайык, мен 4 субтесттен турган «Кыргызтест» системасы боюнча экзамен тапшырдым. Ар бир багыт ɵзүнчɵ кызыктуу экен. Адабият бɵлүгүндɵ мага Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» чыгармасы туш келди. Мен бул улуу адамды эстедим. Мага аны менен катарлаш отуруп иштɵɵ бактысы буюрган, биз Кыргызстандын биринчи чакырылышынын депутаттары болгонбуз. Залкар жазуучубуз чыгармалары менен кыргыз элин гана эмес, жалпы адамзатты тарбиялаган улуу инсан», - деди Сооронбай Жээнбеков.

«Студент кездерде да кɵп эле экзамендерди бергем, кийин бир нече ирет турмуштук экзамендерди тапшыргам, бардыгына жоопкерчилик менен мамиле кылчумун. Бул ирет да жоопкерчиликтүү мамиле кылдым. Өз эне тилим болгондуктан экзаменден ɵтүү андай деле кыйын болгон жок” – деди талапкер.

Президенттикке талапкердин мамлекеттик тил сынагынан өтүүсү, дегеле кыргыз тилин билүүсү канчалык маанилүү деген суроого жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы эне тилин мыкты билүүсү керектигин белгиледи. Анткени, Президенттин бирден бир милдети – бул тил саясатын жүргүзүү менен маданий-тарыхый мурастарды сактап, кɵбɵйтүп, урпактарга ɵткɵрүп берүүдɵ жатат.

“Кыргыз тили – мамлекеттүүлүгүбүздүн символу. Ар бир кыргыз жараны “бул менин тилим” деп сыймыктанып, аны билүүгө аракет кылышы керек. Мекенчилдик сезим балага эненин сүтү аркылуу ɵтɵт, ал эми кыргыз эли байыртан эне тилин зор сыймык, урмат менен «эненин тили» деп эсептеп келишкен. Кыргыз тилинде энелер баласына бешик ырын ырдап, үйдө, көчөдө өз ара кыргыз тилинде сүйлөсөк, мына ошондо тилибиз элибизди бириктирген тил болот. Негизгиси ар бир кыргызстандык кыргыз тилин билүүгө тийиш. Бул үчүн шарт түзүү керек. Биз бул милдетти кагаз түрүндө эмес, иш жүзүндо аткарып, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатабыз. 2014-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын алдыга жылдыруу Улуттук программасын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 493 млн сом каралган. Азыр бир нече практикалык иш-чаралар аткарылууда, анын ичинде китептерди чыгаруу милдети да бар”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан сырткары, журналисттердин Кыргызстанда орус тили керекпи деген суроосуно Сооронбай Жээнбеков : «Албетте, керек. Орус тили биздин ɵлкɵдɵ расмий макамга ээ. бул Конституция менен бекемделген. Орус тили – достуктун тили, БУУну тилдеринин бири болуп саналат. Мен ɵзүм орус мектепте окугам. Ошондуктан кɵптɵгɵн кыргызстандыктар сыяктуу эле орус тили мен үчүн илим, билимге, дүйнɵлүк адабиятка, искусствого эшик ачкан тил болуп калды. Орус тилин билүү – бул инсан катары ɵсүүгө чоң түрткү. Кыргызстандыктар үч тилди билиши керек, андан кɵп тил билсе, андан да жакшы. Учурда биздин жаштар кɵптɵгɵн тилдерди үйрɵнүп жатышат. Бул эң жакшы. Акыркы жылдары дүйнɵ андай деле глобалдуу, чоң болбой баратат. Тил билсең дүйнɵнүн каалаган жерине барууга, дүйнɵ, эл кезип саякаттоого жол ачылууда. Биздин ɵлкɵгɵ кɵптɵгɵн чет элдиктер келип кетүүдɵ. Демек, кɵп тил билүү менен адам ɵзүн гана байытып, ɵстүрɵ алат», - деди президенттикке талапкер.

Белгилей кетсек, шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерди каттоо үчүн талапкердин ыйгарым укуктуу ɵкүлү Борбордук Шайлоо Комиссиясына добуш берүүгɵ 45 күн калганга чейин талапкердин мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билерин ырастаган сертификатты тапшырышы керек.

Пикир

Оставить комментарий