• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

С.Жээнбеков Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча иштерге старт берди

Өкмөт 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда, Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча иштерге старт берди. Ал энергетиктерди, жалпы кыргызстандыктарды өлкө турмушундагы бул маанилүү окуя менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Токтогул ГЭСин толук модернизациялоо долбоору үч этаптан турат. Анын жыйынтыгында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240МВт көбөйөрү күтүлүүдө, пайдалануу мөөнөтү 35-40жылга уланат.

Премьер-министр Токтогул ГЭСи атамекендик энергетиканын флагманы болуп саналарын жана Кыргызстан үчүн стратегиялык өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирди. Ал Токтогул ГЭСин модернизациялоо өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдеп, энергетикалык көз карандысыздыкка алып келерин белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эл аралык каржы институттарына Азия өнүктүрүү банкы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына энергетикалык долбоорлорго каржылык колдоо көрсөткөндүгү ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков өлкө Президенти Алмазбек Атамбаедин энергетика тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.

«Энергетика тармагы өлкөнү жана экономиканыөнүктрүүдө негизгии ролду ойнойт. Мамлекеттин жашоо жөндөмдүүлүгү жана күнүмдүк ишмердүүлүгү энергетикага түздөн-түз көз каранды. Өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү 2013-2017-жылдары Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында башкы багыттардын бири катары киргизилген», -деп эске салды Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр азыркы шартта энергетика тармагы өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн жана көз карандысыздыктын негизги факторунун бири экенин баса белгиледи.

«Өлкөдө жаңы энергетикалык инфраструктураны куруу жана иштеп жаткандарды модернизациялоо боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Датка-Кемин» ири долбоорунун ишке кириши менен өлкөнү электр энергиясы менен жабдууну жана энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылат. Азыркы учурда дагы башка бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда, анын ичинде Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо, Камбарата ГЭСин куруу, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу бар. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнү өнүктүрүүгө кызмат кылат», – деп белгиледи Премьер-министр.

Ал өлкөнүн энерготармагын өнүктүрүүп жана сактап жаткан энегетиктерге ыраазычылык билдирип, элдин бакубат жашоосу жана өлкөнүн экономикалык ийгиликтүү өнүгүүсү энергетика тармагынын туруктуу ишинен көз каранды экендигин белгиледи.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кабелдик туннелди, машина залын көрүп, Токтогул ГЭСин борбордук диспетчердик башкаруу пультунун иши менен таанышты.

Токтогул ГЭСин модернизациялоо ишин баштоо боюнча аземге энергетиктер, энергетика тармагынын ардагерлери, КР Өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшенбек Зилалиев, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев жана Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев катышты.

Маалымат: Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке киргизилген жана өлкөдөгү эң ири электрстанциясы болуп саналат, кубаттуулугу 1200 МВт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий