• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

С.Жээнбеков Транспорт министрлигине унаа жолдорундагы оңдоо иштерин катуу көзөмөлгө алууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы автожолдорду талаптагыдай оңдоо маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда жана маалымат агенттиктерде жол кызматкерлери жолдогу жыртык-тешиктерди суудан тазалабай туруп, оңдоо иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу видео тасма тараган.

Бул тасма чыгары менен 8-апрель күнү Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго кызматтык иликтөө жүргүзүп, мындай тапшырманы ким бергендигин аныктоо менен жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков калктын бийликке болгон ишеними мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын, анын ичинде автожолдорду оңдоонун сапатынан көз каранды экендигин баса белгиледи.

«Мамлекет тарабынан өлкөдөгү жолдорду оңдоого жана реконструкциялоого чоң көңүл бурулууда. Аталган тармакка чет өлкөдөн ири көлөмдүү инвестициялар да келүүдө. Транспорт жана жолдор министрлигине жол индустриясын модернизациялоону приоритеттүү багыт катары аныктоо тапшырылган. Ал үчүн бардык финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Бирок, тилекке каршы, транспорт жана жолдор министрлигинин айрым кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигинин, ишке болгон дилгирлигинин жоктугу ачыкталды.

«Кечеки видео тасма көп нерседен кабар берет. Бул бизге жарандык коомдун жардамы менен белгилүү болгон факты, тилекке каршы, тартылбай, айтылбай калган да фактылар бар. Акылга сыйбас иш жасаган, жол тармагында жасалып жаткан оң иштерге күмөн жараткан, өз ишине кайдыгер болгон жетекчилер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Ушундай жоопкерчиликсиз кызматкерлердин айынан, мамлекеттин жолдорду оңдоого жумшап жаткан каражаты, мээнети текке кетет», – деди Сооронбай Жээнбеков.
Аны менен катар Премьер-министр өлкөдө жарандык коомдун активдүүлүгүнө, видеотасманы тараткан жаранга ыраазычылык билдирди.

«Биздин жарандык коом – өтө активдүү, ошол видеону тараткан жарандарыбызга ыраазычылк билдирем. Мына ушундай жарандык көзөмөлдүн колдоосунда мамлекеттик аппараттагы жоопкерчиликсиз, иш үчүн күйбөгөн ортозаар чиновниктерден тазаланабыз. Жарандык коомдун колдоосунда реформаларды ишке ашырууда ийгиликтерге жетише алабыз», – деди Өкмөт башчы.

Траснпорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мындай жоопкерчиликсиздикке жол берген министрликтин кызматкерлерине көрүлгөн дисциплинардык чаралар тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында автожолдордогу жыртык-тешиктерди жамоо иштеринде Министрликтин алдындагы №1-жол чарба департаментинин, жол эксплуатациялык ишканасынын башчысы Амангелди Молдоболотов, жол чарба департаментинин №1-аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Аманов, башкы инженер Куштарбек Аманов, жол чарба департаментинин экономика боюнча орун басары Шабдан Иманкулов жана жол чарба департаментинин өндүрүш боюнча орун басары Жумаш Содонбаев кызматынан бошотулду.

Транспорт жана жолдор министрлигинин жолдор башкармалыгынын башчысына эскертүү берилди.

Ошондой эле Премьер-министрге жалпы колдонуудагы жолдорду оңдоодо тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан улам, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевге, жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевге сөгүш берүү тууралуу сунуш киргизилди.

Ал аталган иш боюнча иликтөө иштерин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жүргүзөрүн кошумчалады.

Жыйын соңунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка бул факт боюнча тергөө ишин жүргүзүүнү жана кылмыш ишин козгоо сыяктуу эң катуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго республиканын автожолдорундагы жол оңдоо иштеринде өндүрүштүк технологияны катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий