• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

С.Жээнбеков: “Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды”

Коом 0

Бишкек,3-апрель /Кабар/. Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы өзүнүн тарыхый милдетин аткарды. Бул тууралуу бүгүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, бул документ өлкөнүн жашоосунда өзгөчө ролду ойнойт. “Биз өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алдык. Бүгүн туруктуу өнүктүрүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Аталган стратегиянын алкагында абдан көп иштер жасалды, алардын жыйынтыгын бүгүн көрүп жатабыз. Бүтө элек иштер активдүү уналууда. Бул стратегиянын Кыргызстандын тарыхында өзүнүн орду бар. 2040-жылга чейинки жаңы стратегия ушундай эле олуттуу кабыл алынышы керек, ал дагы азыркыдай эле олуттуу багытты тандап алууга тийиш”,-деди С.Жээнбеков.

Ошондой эле, Өкмөт башчысы өлкө тандап алган жол туура жол, муну 2016-жылдын жыйынтыктары далилдеп турат деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий