• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

С.Жээнбеков: “Учурда Өкмөттүн күчү экспортту колдоого багытталган”

Өкмөт 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. “Учурда өлкө өкмөтүнүн күчү атамекендик экспортту колдоого багытталган”, -деп билдирди бүгүн КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Жогорку Кеңешинин КР Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердигинин отчетун талдоо жыйынында.

Ал учурда продукциясы экспортко кеткен ишканаларды өзгөчө колдоо жасалып жатканын белгиледи. Бул максаттарда экспортчу-ишканалар үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды берүү уланууда.

“Эгерде мамлекет жана өкмөт тарабынан колдоо болсо, анда атамекендик өндүрүш өнүгөт. Бүгүнкү күндө өндүрүш тармагында жетишкендиктерди арттыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иштеп жатышы көрүнүктүү мисал. Анын каражаттарын көптөгөн ишкерлерибиз колдонууда. Ошондой эле, кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүү маселеси каралууда. Бул республикада бир катар кызыктуу жана келечектүү долбоорлорду каржылоо борбору болот. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деди Өкмөт башчы.

Ал бюджеттин кирешеси түшкөнүнө карабастан, ишкердикти өнүктүрүү жана ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу уланып жатканын кошумчалады. Экспорттук товарлар, иштер жана кызматтар үчүн сатуудан түшкөн салык алынып салынды. 2018-жылдын 1-сентябрына чейин азык-түлүк, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасын кайра иштетүүчү ишканалар үчүн учурдагы салыктык жеңилдиктер сакталат.

Пикир

Оставить комментарий