• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков : Жаңы окуу жылында 775 мектеп интернет менен камсыз болот

Саясат 0

Бишкек, 21-июль /Кабар/. Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда дагы 775 мектеп интернетке туташтырылат, анын ичинде 608 интернетке кошулду, калган мектептер боюнча 2017-жылдын сентябрына карата аягына чыгарылат. Анын иичнде 27 мектеп өлкөнүн чек ара райондорунда жайгашкан. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы эске салгандай, республикада билим берүү тармагына сезилээрлик каражаттар бөлүнүүдө.

« Кыргызстанда мамлекеттик органдарда жана билим берүү мекемелеринде электрондук башкаруу системасын ишке киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Заманбап интернет-технологияларды колдонуу менен билим берүү процессинде жаңы структураны куруу маселеси Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат», – деп баса белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине 2017-жылдын 1-сентябрына карата коюлган тапшырманы аткарууну тапшырды.

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева маалымдагандай, бул максатта республикалык бюджеттен 2017-жылы 111,8 млн сом каралган. Ал эске салгандай, буга чейин 467 мектеп интернетке кошулган. Сентябрда буга дагы 775 орто окуу мекемеси кошулат. Муну менен республикадагы 60 % мектептер интернет түйүнүнө туташтырылат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев белгилегендей, калган бардык мектептер интернетке 2018-жылы «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында туташтырылат.

Пикир

Оставить комментарий