• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

С.Жээнбеков: “Жакшы жашоо - ак эмгектен”

Өкмөт 0

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Коомдук телеканалга алгачкы эксклюзив маегин берди. Өкмөт башчысы өлкөдөгү кырдаал, экономикадагы өзгөрүүлөр, социалдык кызматкерлерди, дыйкан-фермерлерди колдоолор тууралуу маанилүү суроолорго жооп берди. Төмөндө ошол маектин орчундуу жагдайлары келтирилген.

Өлкөбүз өсүү белесине чыкты

Артка кылчайсак, 2010-жылы жекебасар бийликке чыдабаган эл көтөрүлүп, революция болду. 6 жыл мурдагы кырдаал менен азыркы учурдун айырмасы асман менен жердей деп айтар элем. Мурдагыдан элдин бийликке болгон ишеничи эми кайта баштаганы кубандырат. Азыр Кыргызстан өз жолун тапты, өнүгүү белесине чыкты.

ЕврАзЭСке кирип, анын үзүрүн көрө баштадык. Аймактарда жолдор, мектептер, спорт залдар, бала бакчалар салынып, мектептер компьютерлештирилип жатат. Энергетикалык көз карандысыздыкка жеттик, ГЭСтердин реконструкция болуп жатышы да жакшы жөрөлгө. CASA-1000 долбоору ишке кирип, энергияны экспорттогону турабыз. Буга чейин 2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясы кабыл алынган. Бул долбоор дээрлик ишке ашты. Эми 2040-жылга чейинки улуттук өнүгүү Стратегиябыз иштелип чыгууда. Мына ушулар өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп калганын билдирет.

Мисалы, былтыр апрель айында мен өкмөт башчысы болуп келгенимде ички дүң продукция (ИДП) 4,9 пайызга, өнөр жай көлөмү 26,6 пайызга түшүп кеткен эле. Жыл жыйынтыгы менен ИДП 3,8 пайызга жогорулаганы мени кубандырат.

Бирок, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө бюрократиянын толук жоюла электиги, кээде жергиликтүү бийлик, министрлик чече турган маселелер өкмөт башчысына, президентке чейин жетип жатышы, бир кагаз үчүн адамдардын кезек күткөнү азыр деле бар. Кыска аралыкта ошол бюрократияны жоюу керек. Мени дагы кыжаалат кылганы - дыйкан-фермерлер долбоорлору менен банкта кезекте турганы, төмөндөтүлгөн пайыздагы насыялардын жетпей жатканы. Мына ушундай убактылуу, чечиле турган проблемалар бар.

Өкмөт экспортту кантип көтөрдү?

Өкмөт парламент менен да абдан тыгыз иштешти. Ал жактан дагы мыйзамдар боюнча, дегеле моралдык колдоолор болду. Президентибиз Алмазбек Шаршенович да талаптарды катуу коюп жатты. Билесиздер, ЕврАзЭСке жаңы киргенде абдан көп проблемалар, тоскоолдуктар болгон. Биз аларды жоюуга бүт күч-аракетибизди жумшадык. Натыйжада экспорт 17 пайызга төмөндөп кетсе, мына быйыл 30 пайызга чейин көбөйдү. ИДП болсо жылдын жыйынтыгы боюнча 3,8 пайыз болсо, алты айда 6,4 пайызга өсүш болду. Муну биз салык жеңилдиктерин берүү, төмөн пайыздуу, узак мөөнөттүү кредиттерди берип, Россия-Кыргыз фондунун да иштеп жатканы менен ишке ашырдык. Экинчиден, экспортко багыт алган өндүрүшчүлөрүбүздү катуу колдоого алдык. ЕврАзЭСке киргенде сырттан каражат келет деп эки жыл күттүк. Ошол себептен бизде фитосанитардык, ветеринардык лабораторияларды ЕврАзЭСтин талаптарына ылайыкташтыруу маселеси калып кеткен. Кызматка келерим менен бул маселелерди өзүм колго алдым. Мамлекеттен, бюджеттен каражаттарды бөлүп, учурда райондорунда фитосанитардык маселе чечилгени турат. Ветеринардык лабораториялар боюнча бардык иштерди быйыл бүтүрөбүз. 13 лаборатория толук ремонттон өтүп жатат.

Ачыгын айтканда “иштегениң - туугансың, иштебегениң - душмансың” принциби менен иш алып бардык. Аткаруу бийлигиндеги бардык губернатор-аким, министрлик-ведомостволорго бирдей талап болду, ошонун негизинде жыйынтык жакшы.

ЕврАзЭСке кошулуу чечими көрөгөчтүк болгон

Эсиңиздерде болсо керек, ЕврАзЭСке кирип жатканда ишканалар жабылып калат, конкуренцияга жарабайбыз, “Дордой” базары жабылат, “Кара-Суу” базары жабылат, сырттан келип жаткан импорт, азык-түлүк, кийим-кечелердин баары кымбаттайт деп айтып чыгышкан. Бирок, президентибиздин көрөгөчтүгү, өжөрлүгү менен биз ЕврАзЭСке өз шарттарыбыз менен киргенибиз жакшы болду. Кыргызстан башкаларга берилбеген артыкчылыктарды алды. Биринчиден, борбордук бюджетке түшкөн каражаттан бизге бөлүнө турган 1,9 пайыз менен кирдик. Армения 1,1 пайыз менен кирди. Экинчи эң чоң жетишкендик бул 1 млрд доллар менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышы.

Мына 28-июлга карата фонддон 246 млн доллар кредит берилди. 753 долбоор жактырылды. Каражаттын көпчүлүгү кайра иштетүү өнөр жайына кетип жатат. Биздин артыкча жетишкендигибиз - Россияда иштеп жаткан жарандарыбыздын ошол мамлекеттин жарандарындай эле тең укукта болуп жатканы.

Айрыкча бизден чыгып жаткан продукция Россия, Казакстан рынокторуна сатыла баштады. Мен былтыр сентябрь айында Таласка, Көлгө барып, сүт өндүргөн ишканаларды кыдырганда баарында продукция толтура болчу, Россия, Казакстанга чыга албай, сата албай турган. Ошондо абдан жүрөгүм ооруган мындай болсо кыйналып калабыз деп. Эми сүт завод деген тирүү механизм да. Алыш керек, сатыш керек, каражатты айландырыш керек. Эгерде кампасында туруп калса, эртеңки күнү элдин сүтүн сатып ала албай калат, элдин да чөнтөгүнө каражат түшпөй калат. Анан ноябрь айында Ысык-Көлгө барып, сүт заводуна кирип карасам, складда эч нерсе жок. Азыр Новосибирск, Красноярскиден өздөрү келип, биздин продукцияны талашып алып кетип жатышат дейт. Эмне үчүн дегенде биздики таза да, биз айыл чарба продукциясынын кайсы түрү болбосун алыскы, жакынкы өлкөлөр менен толук конкуренцияга чыдай алабыз.

Бизнеске камкордуктун акыбети

Биз өндүрүшчүлөргө кредит берүүдө бир эле Россия-Кыргыз фондун карабастан, өзүбүздүн бюджеттен да берип жатабыз. Быйыл мына 6 пайыздан бербедикпи. Өткөндө 3,5 млрд дагы ошол экспортко чыгып жаткан, импортко кирип жаткан ишканаларга 3 жылдан 5 жылга чейин 6 пайыздан кредиттерди берүү боюнча кол койдум. Быйыл сентябрдан кийин башталат жана кийинки жылы уланат.

Ташкентте өткөн ШКУда президентибиз Алмазбек Шаршенович чакан жана орто бизнеске узак мөөнөттүү кредит берүү маселеси боюнча Кытай жетекчиси менен сүйлөшкөнүн билесиздер, кийин премьери да келип кетти, ал дагы макулдук берди, менин кеңешчим Кытайга барып келди. “Улуу Жибек Жолу” фондун билесиздер, алардын 40 млрд доллары бар, алар да келип кетишти, азыр чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн Россия-Кыргыз фондундай фонд түзүп, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздагы кредиттер менен камсыздоо маселесин да чечкенге аракет кылып жатабыз.

Биздин сүт сыртта өтүмдүү

Биз кайсы тармакта конкуренцияга чыдай алабыз? Азыр ошол боюнча иштеп жатабыз. Мисалы, 6 айда текстиль жана трикотаж продукцияларын экспорттоо 33 пайызга, бут кийим тигүү 2 эсеге, сүт азыктарын сатуу 1,8 эсеге көбөйдү. Кайсы жакта суроо-талап бар - каражатты да ошол жакка беришибиз керек. Мисалы, эт жагын алсак, жайлоодо арзан өндүргөн эт менен күзүндө конкуренцияга чыга калабыз, бирок кышында бордогондо биздин эттин өзүнүн турган наркы жогорураак болуп калат. Сырттан келген эттердин наркы төмөн болот, эмне үчүн дегенде ал жерде 100 миңдеген комплекстер бар да. Аларга ушул жагынан конкуренция боло албашыбыз мүмкүн.

А бирок сүт боюнча биз толугу менен кайсы мамлекет болбосун конкуренцияга жарайбыз. Ошол үчүн биз айыл жериндеги бардык айыл чарбасын сүт өндүрүү жагына багыттап, сүт заводдорун бардык регионго курушубуз керек. Мына азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Ошто жок эле, Ошко барды, “Үмүт” ишканасы сүттү жалаң Чүйдөн алып жатты эле. Эми Баткенге ачыш керек.

Биз ар бир үйдөн сүттү сатып алып кете турган системаны түзүшүбүз керек. Мындан күнүгө каражат түшүп турат, ар бир үй-бүлөнүн жашоо деңгээли көтөрүлөт.

Ар бир облуска – өзүнчө өнүгүү долбоору

Биз региондорду өнүктүрүү концепциясын кабыл алдык. Буга алгачкы этапта 20 шаар киргиздик. Аймактарды бирдей өнүктүрүп кеткенге каражат жетишсиз. Ошондуктан, биз облус борборлорун биринчи өнүктүрүп, элге кызмат көрсөтүүнү Бишкек шаарындай деңгээлге жеткиришибиз керек. Ошондо ички миграция токтойт.

Мисалы, Нарын малдуу облус, демек, Нарында эт, сүт, эт, жүндү, терини кайра иштетүү орундуу. Каражатты ошол жакка жумшашыбыз керек. Элден малын сатып алып, терисин, этин иштетишибиз керек. Эл 100 км аралыкты басып, базарга малын алып чыгып, өтпөй калса, кайра кийинки базарга чыгып, убара тартпашы керек. Баткенде эң ширин өрүгү, тоо-кен тармагы бар. Ошол жагына көңүл бурушубуз керек. Ысык-Көлдө туризм, экотуризм, тоо туризми бар. Аймактарды өнүктүрүүдө ар бир региондун өзгөчүлүгүн эске алып, каражатты ошол багыттарга максаттуу жумшоо зарыл. Азыр аны курам, муну салам деген бизнесмендер бар. Мен алар менен жолугуп жатам, кээ биринин күрөөсү жетпейт Россия өнүктүрүү фондунан кредит алалбай жатат. Аларга кээде жардам берип жатабыз, кээде жардам бере албай калып жатабыз.

Ошон үчүн мына Кепилдик фондун да түзүп жатпайбызбы. Мамлекет кепилдик берип, берилген каражатты мамлекет өзү көзөмөлдөйт. Ошондо ар бир региондон өндүрүлгөн продукцияны сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүк болот жана биздин фермерлер да малын жетелеп алып, базарда эки күн сата албай калган нерсени жокко чыгарышыбыз керек.

Негизи дыйкандарга, айыл чарбасына эмне керек? Сапаттуу үрөн, сапаттуу мал керек. Биз азыр чечим кабыл алдык, токтомго кол койдук, 2018-жылдан баштап асыл тукум станцияларына жана үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттен дотация бере баштайбыз. Муну сөзсүз мамлекет өз мойнуна алышы керек. Калганын дыйкан-фермерлер өздөрү алып кетет. Анан Евразия экономикалык биримдигинен тышкары Кытайга да айыл чарба продукцияларын эскпорттоо үчүн келишимге кол коюлуп жатат. Бул жакта да чоң рынок бар. Ошондой эле ЕврАзЭС менен Вьетнам, Индия келишим түзүп жатат. Биз жакшылап иштесек, болгон мүмкүнчүлүктү туура пайдалансак, биздин келечегибиз абдан кең.

Бир дубандай кең жер өздөштүрүлөт

Ирригациянын тарыхын айтып берейин. 2007-жылы Алмазбек Шаршенович премьер-министр болуп турганда мен айыл чарба министри болуп келгемин. Чогуу иштегенбиз депутаттыкты таштап. Ошондо Кыргызстан боюнча ирригациялык долбоор иштеп чыгуу боюнча тапшырма коюлган. Мен бүт регионду кыдырып чыгып, анан түзгөнбүз ушул долбоорду. 2007-жылы Иринжит каналын биз баштаганбыз. Биз кетип калып, ишке ашпай калган калды. Кийин Алмаз Шаршенович кайра премьер, президент болгондо бул долбоор кайра жанданды. Мына 1,2 млрд.сом бөлүндү эле Бүргөндү массивинде 3800 гектар жер өздөштүрүлдү. Мындай болот деп эч ким ишенген эмес. Канча жумуш орундары болот, миграция токтойт да. Азыр дагы ирригациялык программаны иштеп чыгып, муну биз мурунку кемчиликтерди эске алып 3 этапка бөлдүк. Биринчи этапта азыркы ишке ашып жаткан 12 долбоорго 4 млрд 900 млн сом каралган. Каражат бар. Экинчисинде 17 долбоор бар, ал боюнча дүйнөлүк финансы институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бюджеттен 800 млн карадык. Үчүнчүсүндө 12 долбоор бар, буга азыр каражат издеп жатабыз. 10 жылда этап-этабы менен 65 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Насос менен суу чыгарылган 9600 гектар жерлерге канал менен суу алып келебиз. 50 миң гектар жердин сугаруу жакшырат.

5 жылда баардык айылдар таза суу менен камсыздалат

Таза суу боюнча 1,5 жылдан бери катуу иштеп жатабыз. Биздин жерибиздин астында да, үстүндө да суубуз кенен, мөңгүлөрүбүз да бар, бирок 45 пайыз айылыбыз таза суу менен камсыз болгон, 55 пайызы жок. Бул боюнча долбоорлор бар, президентибиздин көзөмөлүндө турат. Баары үчүн 30 млрд сом керек. Азыр 19 млрд сом боюнча сүйлөшүүлөр бүтүп, сырттан донорлорду таап, өзүбүз 200 млн сомун берип жатабыз. Мурун 100 млн болсо 200гө көбөйттүк. 5 жылдын ичинде Кыргызстандын бардык аймагын таза суу менен камсыз кылуу максатын буюрса ишке ашырабыз.

Турак-жай кредитинин үстөк пайызын 10 пайызга түшүрдүк, эми 8 пайызга түшүрөбүз

Биз кредит маселесин да чечишибиз керек. Азыр 3 жылга 10 пайыз болуп жатат, башка банктар 20 пайыздан берип жатпайбы. Мына турак жай ипотекасы 14 пайыз эле, аны 10го түшүрдүк, эми дагы 8ге чейин түшүрүшүбүз керек. Бир эле социалдык тармакта иштеген мугалим, врачтар эмес, жалпы Кыргызстан боюнча жайышыбыз керек. Үйү жоктор көп да. Мындай ишке аша турган долбоорлор көп.

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө берилчү насыянын үстөк пайызын 6 пайызга түшүрдүк. Быйылкы жылы 1,5 млрд болсо, кийинки жылы 3,5 млрд берели деп кол койдум. Каражат бар. Дыйкан менен фермер банкта кезекте турбашы керек, ал жер айдашы керек, малын багышы керек. Өткөндө Жалал-Абадга барсам, ошол жерде 600 гектар жерге кооператив уюштуруптур. Азаматтар экен. 600 гектарга пахта жана жүгөрү өндүрүшөт. Өзүнүн пахтасын өндүрүп, бирөөнүн колуна берет экен. Ал аны кайра иштетип туруп, кымбат сатат экен. Ал заводду болгону 20 млн сомго сатып кетебиз деп жатышыптыр. Кооперативде аны сатып алганга каражаты жок. Мен барып калсам “акча алып бербейсизби, алып калалы” деп айтышты. 6 пайыздык кредит алып берип жатам. Мындай болбошу керек да. Дыйкан же фермер иш кылам десе, кредит алам десе, банкка күрөөсүн коюп, ала бериши керек. Эгер мен барбай калсам, завод башкага кетмек, алар дагы бирөөгө көз каранды болмок.

Эл электрондук тейлөөгө өтөт

“Таза коом” - абдан жакшы долбоор. Урматтуу президентибиз колдоп, былтыр биз июнь айында Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түздүк. Буга чейин электрондук форматка өткөрөбүз деп көп жылдан бери аракет болуп келди. Ар бир министрликтер менен мекемелер өзүнчө аракет кылып келди. Ага 2,5 млрд сом кеткен, бирок эффект аз болгон. Эмне үчүн дегенде ар ким өзүнчө система түзөт, биз ушул комитетти түзүп, баарын “Түндүк” деген долбоордун алдында бириктирдик. Бизде мамлекеттик кызмат көрсөткөн органдар бар, ошолор кыскарып-кыскарып келип, азыр 373 кызмат көрсөтүлөт жана 98 лицензияга уруксат берет. Мен башында айтып кетпедимби, эмне үчүн эл кээде мамлекеттик органдарга нааразы болот деп. Эмне үчүн дегенде ошол мамлекеттик кызмат көрсөткөн органдар тикелей кардарлар менен жолугуп, ошонун негизинде коррупция, бюрократия болуп калууда, заматта чече турган маселени 5-10 күн созуп, элдин ишеничин кетирип жатышат. Эми “Түндүктүн” алдында эл үйүндө отуруп алып мамлекеттик кызматтан пайдалана турган системаны киргизели деп жатабыз. Ошол 373тү алдыңкы технология менен электрондук форматка өткөргөнү жатабыз.

Эң негизгиси - кызмат көрсөткөн адамдар кардар менен түз контакт болбой, электрондук форматта кызмат көрсөтөт. “Таза коом” - коррупцияны жоё турган механизм ушул.

Жаш келсе - ишке

Бизде алдыңкы технологияны билген, билими жогору жаштарыбыз көп. Бирок ошолорду тартпай калабыз. Бул боюнча да азыр иштер жүрүп жатат.

Кайсы бийлик келсе эле жаштардын добушун алыш үчүн жаштарды ишке коёбуз дешет да, бирок иш жүзүнө келгенде унутуп калышат. Президентибиз Алмазбек Шаршенович башынан эле жаштарды тарта баштады. 6 жылда мындай жаштар көбөйдү. Мисалы, мына Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков 40дагы эле жигит да. Биз кечээ Каттоо кызматына 30 жаштагы Д. Догоевди койдук. Ал алдыңкы технологияны, ошол системаны билген, келечектүү жигиттерден. Юстиция министрлигинде, Коопсуздук кеңешинде жетекчилер, Башкы прокурор жаш. Эсептөө палатасына 40ка чейинки жаш жигит барды. Бир да жаман сөз айтылган жок.

Кыдырып көрүп жатам, көп айыл өкмөт башчыларына жаш жигиттер келип, активдүү иштеп жатышат. 3 облустун башчылары 45ке чейинки жигиттер. Кечээ акимдерди койдук, төртөө 40 жашка чейинкилер. Азыр 30-35 жаштагыларга көбүрөөк кызмат берип жатабыз. Азыр эми ортоңку тепкичтин дагы 25 пайызына жаштарды аралаштыруу максаты турат. Баягы райондук деңгээлдеги жетекчилер, департаменттер бар. Бирок тажрыйбасы бар, көптөн бери таза иштеген, эл үчүн, мамлекет үчүн күйгөн, үлгүлүү адистердин баарын жашына карабай сактайбыз.

Билим берүүдөн акча аябайбыз

КСДП партиясы, Алмазбек Шаршенович башында туруп илгертен эле социалдык теңдик үчүн күрөшүп келгенбиз. Бийликке келгенде толук болбосо да көпчүлүгүн ишке ашырдык деп айтсам жаңылышпаймын. Бир мисал айтайын, билим берүү тармагына 2010-жылы 12 млрд 600 млн сом акча каралса, азыр 36 млрдга чыкты. Биз билим берүү тармагына каражат бөлүү жагынан дүйнөдөгү 10 мамлекеттин катарына кирдик. Бюджеттин киреше бөлүгүн 11 млрдга көбөйттүк, бул чоң көрсөткүч. Ошонун ичинен 3,7 млрд сом билим берүү тармагына салынды. Быйыл дагы 6 айдын жыйынтыгы менен бюджеттик кирешебиз 8 млрд 400 млн сомго көбөйдү. Салык 4,5 млрдга көбөйдү. Эмки жылы салыкты 10 млрдга чейин чыгарабыз деп жатабыз. Ошондой эле соцтармактарга каражатты көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Ооруканаларды, мектептерди, социалдык имараттарды, маданият үйлөрүн оңдоп-түздөп, азыркы шартка ылайыкташтырып, мугалимдерге, окуучуларга, врачтарга келген биздин жарандарга жакшы шартты түзүп берели деп, акчаны көбөйтүп жатабыз. Быйыл да 6 млрддан кем болбойт. Азыр 5 млрд 400 болсо, 5 млрд 800 сом каралды. Биздин максат ошону 8 млрд сомго жеткирүү.

Мугалимдерге – урмат-сый

“Асыл” пансионатын мугалимдерге бердик, ошол эле кезде маданият кызматкерлерине да “Витязь” пансионатын бердик. Бизде эң көп адам иштеген социалдык тармак - билим берүү тармагы да. Мугалимдер көп. Азыр ал жер 150 кишини кабыл алат. Бирок эски экен. 18 гектар жери бар, суунун жээги, бак-дарактуу. Мен өзүм барып көрүп келдим, ал жерди абдан өнүктүрсө болот. Азыр 300 млн сом бөлдүк. Жайы-кышы иштей турган 400 орундуу 5 кабат имарат салып баштайбыз. Азыр ошону салганга тендер жарыяланды, эми эски имараттарды толук оңдоп жана келечекте жаңы имараттарды салып, мугалимдерди жайы-кышы кабыл алып, алардын ден соолугун чыңдай турган, жакшы медициналык борбор менен комплекс кылып жасаганга шарт бар.

Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөт

Адамдарыбыз саламаттыгын каратканы шаарларга - Бишкек шаарына, Ош шаарына, Жалал-Абадга ооруканаларга көп келип жатат. Эмне үчүн дегенде реформа кылабыз деп алыскы райондордо, бийик тоолуу аймактарда биринчи жардам көрсөтүү маселеси колдон чыгып кеткен. Мына ушуну кайрадан баштап жатпайбызбы. Ошол эле учурда алыскы аймактарга медиктер айлыктын аздыгынан барбай жатышат. Айлыкты көтөрүү биринчи проблема болуп турат. Кечээ тапшырма бердим, эсептеп чыккыла, кийинки жылдан баштап канча пайызга чейин көтөрө алабыз, мүмкүнчүлүк бар бюджетте деп. Жабдуу маселеси да бюджет аркылуу, сырттан келген долбоорлор аркылуу чечилип жатат.

Адамды сөзүнө эмес, ишине карап баала

Жасаган ишти айта бергенди туура көрбөйм. Жакшы келечекке жетиш үчүн бүгүн жакшы иштеши керек ар бир адам. Мына мен бүгүнкү ишти жакшы кылсам келечек, жыйынтык жакшы болот. Кайсы кызматта болбосун таза иштөө - элдин алдындагы, Кудайдын алдындагы милдетим.

Пикир

Оставить комментарий