• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

С.Жээнбеков: Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын баардык аймактары таза суу менен камсыз болот

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. Элди таза суу менен камсыз кылуу – бул мамлекеттик коопсуздук маселеси. Бул туурасында Кыргызстандын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Кочкор районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусу учурунда билдирди.

“Президент болуп калсам, бул маселени дайыма көӊүл борборунда кармайм! Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын баардык аймактары таза суу менен камсыз болот!”, - деп баса белгиледи С.Жээнбеков.

Анын сөзүнө караганда, Калкты таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын алкагында 650 конуштарда суу объектилери салынып, оңдолуп, ишке берилет. Бул максатка 30 миллиард сом талап кылынса, анын 19 миллиард сом каржы булагы аныкталды. Дагы 6,7 млрд. сомду тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

“Элди таза суу менен камсыздоо үчүн 2015-жылы республикалык бюджеттен 40 млн сом бөлүнсө, былтыр 100 млн сом, ал эми быйыл бул сумманы 2 эсеге көбөйтүп, 200 млн сом бөлүп бердик”, - деп айтты С.Жээнбеков.

  1. Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  2. Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  3. КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  4. Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 11.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий