• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

С.Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы билим берүү мекемелеринин абалы жана курулушунун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0


Бишкек, 2-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы № 18 «Манас-1000» орто мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчынын мугалимдер менен болгон жолугушуусунда мектеп жетекчилиги маалымдагандай, азыркы учурда билим берүү мекемесинде 204 окуучу билим алууда.

Алар белгилегендей, жакынкы аралыктагы айылдардын калкынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу мектептин материалдык-техникалык базасы эскирүүдө, ашкана жана спорт зал жок, жаңы билим берүү мекемесинин куруу зарылдыгы бышып жетилди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эмгек жамаатына аталган маселе караларына ишендирди. Ал өлкө жетекчиси билим берүү жана медициналык объекттерди курууга өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди.

Өкмөт башчы ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы №6 мектебинин курулуш иштери менен таанышты.

Архитектура курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдиргендей, 275 окуучуга ылайыкталган эки кабатуу мектептин курулушу пландалууда. Азыркы тапта курулуш иштеринин көпчүлүк бөлүгү аяктап калды. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Өкмөт башчысы жаңы окуу жылы башталганга чейин билим берүү мекемелеринин курулуш иштерин аягына чыгарып, ишке киргизүүнү көзөмөлдөөнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий